Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аккан суу

Аккан суу

11-март, 21:32
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Умереть – это еще не всë

(Э.Хемингуэй) 


Мелис байке экөөбүз бири-бирибизди аяп да, бири-бирибизге таарынып да жүрдүк окшойт. Анын мени аяганынын да, мага таарынганынын да жөнү мындай эле: «Сен эмне үчүн таланттуу болуп туруп, илимге да асылып, күч-кубатыңды талаага чачып жатасың…». Мунун бир күбөсү катары анын «Тандалма чыгармаларынын» эки томдугунун экөөнүн тең биринчи бетине мага жазып берген кол тамгасын буруу-терүүсүз келтирейин.

Профессор Бейшебай Усубалиевге!

Жазуучулук чоң талантты илим менен дарс окууга тебелеткениңе кейип кетем. Кандай арман, кандай гана аяныч…

05.07.2016.

Ушинтип бадырайта жазыптыр да, аны дарылап жаткан доктур уулум Мейкинден берип жибериптир. Мындай шумдуктуу тилек-каалоодон адегенде денем муздай түштү да, анан кайра көп өтпөй чын жүрөгүмдөн ыраазы болдум«Менин талантым үчүн ушу Мелис байкедей күйгөн бир да адам болгон жок окшойт...».

Аккан сууда арам жок эмеспи, Мелис байке дайыма агып турчу эмес беле. Китептерин берип жибергенден көп өтпөй эле батада чогуу отуруп калдык. Мени көрөрү менен бакылдап коë берди: “Телерадиодон келатып, бир комиссиясына мүчө экенмин. Бейшебай, сенин «Акча» деген повестиңди алтын фондуга өткөрдүк. Бу Бейшебай жанагы илим деген балакетине асылып жатып албадыбы, болбосо, Айтматовдон кийинки эле кыйын жазуучу ушул болмок. Чын эле ушинттим…” деди да, өзүнө гана таандык күлкү менен бир жадырап алды.

Эки-үч жыл өтпөй чоң китепканадан дагы жолугушуп калдык. Тегерек-четибиз бүт чыгармачыл адамдар. Мени көрөрү менен эле чуркап келип бетимден өптү. Мен таңдана карап калдым. «Билесиңби сен, - деди мага жадырай карап. -- Мен сага айтчу элем го, илимге жолобо деп… Көрсө, сен илимде да кыйын турбайсыңбы. Академиянын мүчө-корреспонденти болупсуң! Кут болсун!» деп чын дитинен кубанганы бүткүл тулку-боюнан, ырай-пешенесинен даана көрүнүп турду. Деги эле Мелис байкеде башкаларда көп учурай бербеген бир касиет бар эле: ал кубанса бүт денеси менен кубанар эле, бүт денеси кыймылга келип, бүкүлдөп жаткандай туюлуп кетчү. Менден бөлүнүп, дагы бирөө менен бакылдашып бараткан Мелис байкени «баары бир мени илимге кыйбай турасыз ээ…» деген ой менен узата карап туруп калдым…

Эми менин таарынычыма өтөйүн.

Эх, Мелис байке, Мелис байке, - дечүмүн мен, -- сизден кандай гана мыкты жазуучу чыкмак. А сиз чоң болом деп жүрүп, талантыңызды чачып жибердиңиз. Ушуну эми араң түшүнүп, киришип жатасыз…”. Чын эле, мага ушундай сезилчү. Мен анын бир да чыгармасын окуп көрбөсөм да, анда кандайдыр бир талант уюп жаткандай, аны өзү элес ала бербегендей туюлар эле. Мына эми Мелис байкенин чыгармасын биринчи жолу дит коюп окуп отурам. «Жинди Сабыр» повести, мунун каарманы жөнүндө, тагыраагы, «жиндилиги» тууралуу биз бала кезде далай укмуштарды укканбыз. Мелис байкенин «Жинди Сабыры» чыгарма эмес эле жандуу картина, кино экен. Табигый диалогдор, нукура кыргызча салыштыруулар, кептик образдар, дагы көптөгөн поэтикалык табылгалар – мына ушулардын баары окуя мына азыр сенин көз алдыңда эле чубап өтүп жаткандай таасир калтырат десең. Булар сырткы кыймыл-аракет эмес, булар Жинди Сабыр менен анын жандүйнөсү, тагыраагы, алардын тирүүлөй эле жаны. Эгер кино кылып тартылып калса, трагедиялуулугу жагынан В.Шукшиндин «Арманынан» («Калина Красная») ашса ашып түшмөк, асты кем калмак эмес. Бирок муну туя билип, колго ала турган кинорежиссёр качан чыгат болду экен?

Окуп жатканда Мелис байкенин тирүүлөй өзүн көрүп турдум, бирок жазып жаткандагы, окуяларды, мүнөздөрдү жууруп-ийлеп жаткандагы элесин эмес, оозеки айтып жаткандагы элесин. Дүйнөлүк алкактагы бир залкар тилчинин «ойбул өзүнчө алганда туман» деп айтканы бар. Чындыгында эле туман, өзгөчө Мелис байке өңдүү таланттардыкы. Мына, ал тумандын арасында жүрөт, окуялардын, атүгүл каармандардын ички чайналууларын да көзү менен көрүп, жүрөгү менен туюп турат, бирок тумандаган ойлор анын тилинен ашып кетип, тактап айтканда, тилдин калыбына түшпөй, Мелис байкенин колдору кыймылдап, силкилдеп, бети-башы бырышып, бирде күлүп жатпайбы  мунун баары тең желкелеп алган ойду тизмектөөгө чама-чаркыңдын жетпей жатканы, ойдун тил менен жуурулуша албай жатканы. Мелис байке бир окуяны айтканда, көбүнчө аягына чыга алчу эмес. Баштайт, анан колу, бүткүл денеси кыймылга келе баштачу, колун силкилдетип, «жанагычы», «тигичи» (биз көрүп тургансып) дегендерди кайталап, анан ырахаттана каткырыгы таш жарып калат эле. Өзгөсүн билбейм, мен эмнеге күлгөнүнө түшүнбөй калчумун. Көрсө, айтчу окуясын тирүүлөй көрүп-сезип туруп, “ошол көргөн-туйгандарымды дал ошондой жеткирип жатам деп ойлочу тура. Оозекичи Мелис байке менен жазмачы Мелис байкенин «Жинди Сабыры» аркылуу салыштырып отуруп, мен ушундай бүтүмгө келип отурам.

Өкүндүм да кубандым. Өкүнгөнүм  Мелис байкенин чыгармаларын мурда окубаганым. Окусам, андан көп сабак алмак экенмин. Кубанганым – чоңдукта жүрсө да Мелис байке шапар тээп жүргөн эмес экен да. Башында бышырып, ичинде эзип жүрбөгөн сүрөткер «Жинди Сабырды» мынчалык деңгээлде төгө алмак эмес. Жарыктык Мелис байке «Жинди Сабырды» жазбай эле төгүп салгандай туюлат экен.

…Бир жолу теледен Мелис байкенин жылкы жаныбарга мүнөздөмө берип жатканын көрүп калдым. Жылкынын өзгөчө жандык экендигин, таза, тунуктугун дүлөй уккудай ийне-жибине чейин майдалап келгенде, ким болбосун өзүнүн адамдыгынан кечип, жылкы жаныбарга айланып кеткиси келгендир деп ойлоп кеттим. Акырында жылкы мына ушундай жандык дегенсип, адатынча бир каткырып алды. Деги эле Мелис байке кыргыз ырым-жырымдары, салт-санаасы, жөрөлгөлөрү, символикалык белгилери жөнүндө билгендиги жагынан кийинки жазуучулардын ичинен кыйла эле өзгөчөлөнүп турар эле. Эл ичинде сүйлөшүп жатканында анын бул жөндөм-шыгын көп байкадым. «Мунун баарын кайдан билип алган?» деп таңданып койчумун. Мелис байкеден мурда мындай жөндөм-шыкка эгедер бир адамды билер элем, ал – Ашым байке (Жакыпбеков). Эми ойлосом, экөөнүн түшкөн нугу бирдей экен, жок, экөөнү бирдей нукка түшүргөн Жараткандан бүткөн шыбагасы бирдей, окшош экен. Ошол шыбага акыры Ашым байкени касиеттүү «Манаска», а Мелис байкени тарыхый романдарга алып келиптир. Мелис байкенин тарыхый эстутумду канчалык деңгээлде поэтикага айландыргандыгын азырынча айта албайм. «Барымта» менен «Көкөй кестини» окуп чыккан соң, бул чоң проблемага өзүнчө кайрыларбыз деген ниетим бар. Андан көрө чогуу иштеген күндөрдү үзүл-кесил болсо да эске түшүрө кетким келет. 

***

Мен Мелис байкени Басма комитетине башкы редактор болуп иштеп баштаганында биринчи жолу бетме-бет көрдүм окшойт. Бир күнү эле “башкы редактор лекция окуйт экен, баарыңар чоң залга чогулгула” деген буйрук болуп калды. Орус, кыргыз бөлүмдөрү болуп баарыбыз чогулдук. Мелис байке кирип келди да, лекциясын баштады. Негизги темасы бүгүнкү күндө көркөм адабият дүйнөсүндө болуп жаткан жаңылыктар тууралуу маалымат берүү экен. Жаңылыктарды айтып келатып, ара-чолодо адабият дөө-шаалардын айрым чыгармаларын анализдеп берип кетип жатты. Жыйын бир жарым саатка созулду окшойт. Кимге кандай таасир калтырды билбейм, мага анализи жакты. Анан дүйнөлүк адабияттан жакшы кабардар экени таңкалтырды. Ушунчалык даярдыгы бар туруп, өзү эмне үчүн көзгө толумдуу (анда мен анын «Алмалуу бак», «Алчалуу төр» деген чыгармаларын окуйт элем) чыгармаларды жарата албай келет деп таңкалдым. 

***

Буйрук экен, көп өтпөй бир редакцияда чогуу иштешип калдык. Окуу китептерин даярдачу редакция эле. Биринчи эле келгенде анын басма ишин ийне-жибине чейин мыкты өздөштүргөнүн билдик. Баарыбызды мурда-кийин көрүп жүргөндөй, атүгүл өзүбүздү өзүбүздөн жакшы билгендей жаркылдап жакшы таанышты. Ошондогу бир сөзү мээме уюп калыптыр: «Башкасы эчтеке эмес, бир да ката кетпесин. Окуу китебинен ката кетирүү  бул чоң күнөө» деди да«эгер кетире турган болсоңор, анда аяшмай жок!» деп күлүп, өз кабинетине бет алды. Ким эле кетиргени атыптыр…” деп күңкүлдөп биз кала бердик. Чынында, редакциянын иши жөнгө салынып калган эле, редакторлордун баары иштин көзүн билгендер болчу. Ошентсе да бизде бир көйгөй бар эле. Ал  музыка, чет тилдери боюнча окуу куралдары жана алардын авторлору. Бул авторлор кандайдыр бир өздөрүн өйдө сезишкенсип, бизге өзгөчөрөөк мамиле кылышчу, кыскасы, алардын талаптарын биз кыңк этпей аткарууга милдеткер элек. Ошондой ойдо жүргөн күндөрдүн биринде Насыр Давлесов баш болгон музыка китептеринин авторлору күүлдөп кирип келишти. Көнгөн дооматтарын коё башташты. Баштаганда эле Мелис байке: «Жүргүлө менин кабинетиме, буларга тоскоол болбой!..» деп өкүм сүйлөп, аларды ээрчитип кетти. Анан көрүп ал, Мелис байкенин толкуну башталды. Бир саатка чукул бакылдаган үнү коридорду да жаңыртып турду окшойт. Бирок кызык, бакылдаштын акыры адаттагыдай эле Мелис байкенин каткырыгы менен бүттү. «Музыка китеби өзгөчө түйшүк менен чыгарын бирөө да оңгулуктуу билбейт экен. Сабаттарын ачып, көкөлөрүн көздөрүнө көрсөтүп койдум окшойт. А силер…» деп сөзүн улабай, күлүп коюп чыгып кетти. 

Дагы бир жолу мени кабинетине чакырып калды. Кирсемжоон топ чет тилдер китептеринин авторлору. Мына өзү да келди, - деди мага колун жаңсай аларга, -- илимдин кандидаты, буюрса эки-үч жылдан кийин доктор болот. Силердин араңарда бир кандидат барбы? (Бирөө менмин дегендей болду). Ушу кандидат башы менен силердин сабатсыз түзүлгөн кыргызча тексттериңерди оңдойм деп жүрүп чачы агарып кетмей болду. Силер кыргыз балдары үчүн жазып жатасыңар да окуу китебиңерди, анан алардын убал-сообу кимге? Же эмне, кыргыз балдарга эптеп чампалап койсо эле боло берет деп ойлойсуңарбы!. Бирөө да үн ката алган жок. Мен акырын чыгып кеттим. Ыңгайсыз абалда калдым, анткени мен чет тил китептерин редакциялачу эмесмин. Ошентсе да Мелис байкенин бул ык-амалы аларга көрсөткөн айбаты экенин, алар эми жөнү жок чамгарактагандарын токтотуп, окуу китебинин сапатына олуттуу мамиле кыла баштарын ойлоп, кудуңдап да алдым.

 ***

Кызык, Мелис байкенин бир жолу да жумуштан калганын учуратпадым. Ооруп калыптырмын, негедир ооруп турам деген сөздөрүн укпадым. Балким, ноокастангандыр, бирок таптакыр билдирчү эмес. Дайыма бир калыпта жүргөндөй туюлчу. Бир жолу гриппке каршы эмдөө жүрүп калды, баарыбыз эмдетүүгө милдеттүү экенбиз. Эмдетип жаттык, кезек Мелис байкеге жеткенде: “Мен эмне, эмдеткидей детсаддын баласы билем!” деп шылдыңдагансып кетип калды. “Сиз милдеттүүсүз, биз ойноп жүргөнүбүз жок, сизге чара көрүлөт!” деп медсестра ызырынып кала берди. Баарынан кызыгы, эмдеткендердин баардыгы эки-үч күн дене табыбыз көтөрүлүп, чүчкүрүп-бышкырып жүрүп, анан барып оңолдук. Мелис байке: “Кандайсыңар, детсаддын балдары, өзүңөргө келдиңерби?” деп бизди мыскылдап күлүп жүрдү.

***

Мелис байке ушунчалык тез иштечү. Кол жазманы карап калса, каткырыгы, кыжынганы (оңдоо процессинде кубанткан да, ызырынткан жерлер да көп эле учурайт эмеспи) менен бирге калеми да шакылдап кыймылга келип турар эле. Бир жолу кадырлуу профессорубуз Аскар Осмонкуловдун кол жазмасын редакциялап жаткам. 

--Ой, Бейшебай, ушундай да оңдойсуңбу? Автордун стилин да сакташ керек да. Берчи мага, төрт жүз беттен ашык экен, мунун баарын сен минтип оңдоп отурсаң...” деп жүз элүү беттейин алып кеткен. 

Эртеси түшкө чукул кол жазманы мага сунуп:

    -- Быягы бүттү. Сен да эртелет, эзип жата бербей…” деп койду. 

Түштөн кийин мени башкы редакторго чакырып калды. Барсам, Мелис байке менен Аскар агай ызылдашып жаткан окшойт, бири кызарып-татарып, бири кара-көк. Ортодо башкы редактор Санжы Егиналиев. Көрсө, мындай болуптур. Аскар агай түз эле башкы редакторго кайрылат:

-- Эмне себептен менин китебим кечигип жатат? Ушинтип эле кармай бересиңерби?

Башкы редактор Мелис байкеге бир тийген көрүнөт, ал шыр эле:

-- Кол жазма деп макулатураны алып келе беришсе, кечигет да. Мынабу кишинин кол жазмасын Бейшебай кызыл-жаян кылып оңдоп отурат, тездет десем, “бул боюнча кантип коë берем?” дейт. “Кыйын болсоңор, өзүңөр тездетип алгыла!” деп буркулдайт.

-- Бүтүп калдыңбы? - деди башкы редактор.

-- Ооба. Бир-эки күндө бүтөм буюрса.

-- Ошентчи, айланайын! - деди башкы редактор сурангандай.

Аскар агай экөөбүз ээрчишип чыгып кеттик.

-- Кызыл-жаян эле дейт, кана көрсөтчү? - деди агай мага. (Аскар агай да бир дүрт этип, анан бат эле жазылып кетчү)

Көрсөттүм. Окуп чыкты да:

-- Ой, оңбогур, - деди мени күлө карап, кызыл-жаян кылганыңда мен айтчу эле ойду айткан (берген) турбайсыңбы!

-- Ооба, сиз айткан эле ойду бердим. Бирок сиз айткандай, жазгандай берсем, башкаларга жетпей калып жатпайбы, алар эмнени айткысы келген дешип түшүнбөй калып жатпайбы. 

-- Кандайча?!

Ал кайрадан көз жүгүртүп чыкты да:

-- Болуптур, өзүң билгендей оңдой берчи, оюмду бузбасаң болду, - деди санаасы тынгандай. Бир аз туруп, борсулдай күлө кетти. -- Деги ушу силердин Мелисиңер чыныгы жигит, эркек, шар. Баарын ачык эле бетке айтат, же бар, же жок деп. Эмилбектин иниси да бу... Мен “ал ким эле?” дегендей ийнимди куушурдум. Көрсө, Мелис байке ошол кездеги профсоюздун төрагасынын бир тууган иниси экен. Мелис байке бизге ал тууралуу такыр айтпаптыр, бир гана атасы жөнүндө кеп салганда мындайча оозуна алып калчу: “Атам Эмикемди өзгөчө жакшы көрөр эле. Катуу жыгылып, тил-ооздон калып жатканда “Эмилбек качан келет?” деди. Эмикем чет өлкөгө кеткен эле. Биз төрт манжабызды көрсөтүп, “төрт күндүн ичинде келип калат” дедик. Санап жаткан окшойт, төртүнчү күн дегенде, башын көтөрүп, төрт манжасын көрсөттү да, жаздыкка башын коюп, көп узабай жүрүп кете берди. Эки-үч сааттан кийин Эмикем өкүрүп түштү...”.

Ушуну эскергенде Мелис байкенин үнү каргылданып кетер эле. Сыягы, өмүрүндөгү бир чоң арманы болуп калган окшойт.

***

(Уландысы бар)

Бейшебай Усубалиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер