Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Мас айдоочуларды керек болсо бир-эки жылга камайлы”

Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Мас айдоочуларды керек болсо бир-эки жылга камайлы”

01-ноябрь, 19:43
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ырысбек мырза, бир кесиптешиңиз мас абалда рулга отурган айдоочуларды айдоочулук укугунан ажыратпай эле олчойгон айып пул салууга караган мыйзам долбоорун демилгелеп жатыптыр. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Башка мамлекеттерде айдоочу мас абалда унаа айдаса, өтө оор жазаларга тартылат. Менин оюмча, бир жылга айдоочулук укугунан ажыратып, айып пул салган менен маселе чечилбейт. Көрүп атпайбызбы, жолдорун таап айдап жүрө берет экен. Ошондуктан, жазаларды күчөтүп, катуулатуу зарыл. Керек болсо бир-эки жыл эркинен ажыратууну караган мыйзамдарды кабыл алалы. Себеби, адам өмүрү баарынан кымбат. Көрүп атпайбызбы, мас айдоочулар МАИ кызматкерлерине акаарат сөздөрдү айтып, атүгүл капоту менен сүйрөп кеткен учурлар боло калууда. Канчалаган жарандарыбыздын өмүрү кыйылууда. 

-- Өткөн жылы эле мас абалда рулга отуруп, айдоочулук укугунан ажыратылган 7810 учур катталыптыр. Кандай дейсиз, айып пулдун көбөйтүлгөнү мындай терс көрүнүштөрдүн азайышына таасир этеби?

-Эки жазаны кошуш керек менимче. Айып пулду да көбөйтүп, айдоочулук укуктан да ажыратуу кажет. Ошондо айдоочу ичээрдин алдында ойлонот. 

-Сиз өзүңүз унаа айдайсызбы?

-- Ооба. 

-Жол эрежелерин бузган учурларыңыз болобу?

-Эки жолу айып пул төлөгөм. Көлгө баратканда байкабай ылдамдыкты бир аз ашырып койгон экем. Ал эми шаарда болсо дегеле жол эрежесин бузбайм.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер