Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байден Трампты «Путиндин күчүгү» деп атады

Байден Трампты «Путиндин күчүгү» деп атады

30-сентябрь, 12:25
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Америка Кошмо Штаттарынан президенттикке талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байдендин шайлоо алдындагы биринчи теледебаты 29-сентябрда талапкерлердин айтышуусунда башталды. Дебаттын башында коронавируска байланыштуу кол алышпаган саясатчылар бири-бирин айыпташты.

Тактап айтканда, Байден Трампты «АКШнын тарыхындагы эң начар президент», «клоун», «жалганчы», «Путиндин күчүгү» деп атап, аны «расалык маанайды козутуп жатат» деп айыптады.

Трамп өз кезегинде Байдендин сөзүн үзгүлтүккө учуратып, анын акыл-эс жөндөмүнө шек келтирип, Байдендин баласынын Украинадагы ишин «коррупциялык көрүнүш» деп атады.

Коронавирус пандемиясы жөнүндө сөз болгондо, Байден Трампты «бир нече ай бою вируска маани бербей, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келди» деп айыптады. Трамп «эгер Байден президент болсо, курман болгондордун саны миллиондоп саналып, өлкөнүн экономикасы талкаланмак» деп каршы чыкты.

Ошол эле учурда Трамп «шайлоодон утулуп калсаң, шайлоонун жыйынтыгын тааныйсыңбы?» деген суроого түз жооп берүүдөн качты. Ал буга чейин 23-сентябрда да жооп берүүдөн качкан болчу.

Трамп менен Байдендин ортосундагы биринчи дебат Кливленд шаарында болуп, 96 мүнөткө созулду. Алардын катышуусунда дагы эки дебат болот. Ошондой эле вице-президенттикке талапкерлер Майк Пенс менен Камала Харристин дагы дебаты күтүлүүдө.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

“Марал”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер