Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов менен Эдил Байсаловду төргө чыгара турган кез келди!

Аликбек Жекшенкулов менен Эдил Байсаловду төргө чыгара турган кез келди!

23-июль, 14:35
2 579 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда президент Сооронбай Жээнбеков шоу өкүлдөрүн жана ыктыярчыларды кабыл алды. Ал жерде Анжелика, Айзада сыяктуу жеңил-желпи кыздар ажого акыл үйрөтүп, кыйынсынып калышканына бүтүндөй коомчулук кыжырданды. Деги булар мамлекеттин жүгүн көтөрүп калышты беле?..

Аныгында, эл ичиндеги аксакалдарды, интеллигенция өкүлдөрүн чакырып,  аларды кабыл алганда, акыл-эстин деңгээлиндеги кептер болмок. “Болор иш болду, боёсу канды” дегендей, эми чала идеологияны кантип оңдойбузДал ушундай ыңгайда элчилер Аликбек Жекшенкулов менен Эдил Байсаловду Кыргызстанга алдырып, булардын билимин, тажрыйбасын пайдалануу менен тоңгон музду жарсак неБирин премьер-министр, экинчисин орун басар кылсак жарашат. Ишти алып кетишет. А болбосо кыйын болуп калды. Акүйдөгү чиновниктердин көпчүлүгү кошоматчы, интриганга айланганда акыл-эстүү агаларды алдырып, ушул кыйын кырдаалдан чыгууга жол салбайлыбы? Же өкмөттүн кашаңдыгынан эл кырылып калсынбы?.. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер