Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамир Осмонов: “Октябрь айында вирустун коркунучтуу экинчи толкуну бар, сактаналы!”

Дамир Осмонов: “Октябрь айында вирустун коркунучтуу экинчи толкуну бар, сактаналы!”

10-сентябрь, 17:07
2 013 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Бикард” клиникасынын башкы кардиологу менен маек.

-- Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстанда эң көп медицина кызматкери каза болуптур. Себеби эмнеде?

-- Себептери көп эле болду. Эң негизгиси, туура даярдык жүргүзбөгөнүбүз, коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги десек болот. Канчалык азыраак коргонсо, ошончолук вирус организмге тезирээк кирет, көбүрөөк жайылат. 

-- Коронавирустан айыккандан кийин деле жүрөк ж.б. оорулуулар көпкө жабыр тартары айтылып, запкы тарткандар учуроодо...

-- Вирустун өзү жаңы, анын белгилери, дарылоосу жана калтырган издери бүгүнкү күндө ар кандай басылмаларда талкууланууда. Оорудан кийин, тилекке каршы, тездик менен айыкпайт. Айрым бейтаптарда калдык эффекттер байкалат жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, мисалы, экинчи инфекция сыяктуу кыйынчылыктар пайда болот. Кардиологиялык бейтаптар деми кыстыгып, алсырап, өпкөсү жабыркаганда, албетте, биринчи кезекте кардиологго кайрылышат. Ковид менен бул көрүнүштөр көбүнчө окшош болот. Вирустун айыгышы 2-3 айга чейин созулуп кеткенин көрүп жатабыз. Жүрөк эле эмес, өпкө, боор, бөйрөккө чейин таасирин жайылтты. “Болду, айыктым” дегенден кийин деле жүрөгүндө, боорунда көйгөйлөр кездешип жатат. Коронавирусту изилдөө дагы көпкө уланат.

-- Белгилүү дарыгер катары экинчи толкун боюнча пикириңиз кызык экен...

-- Негизги себептердин бири – сууктун башталышы. Экинчи себеп – элдин кайрадан мурдагы калыбына келип, көбүрөөк топтолуп, беткап тагынуу, колду таза алып жүрүү, антисептик колдонуу унутулуп баратат. Ушул себептерге байланыштуу октябрь айынын баштарында коркунуч бар. 

Кавасакиден элдин корккону байкалууда. Кавасакини кан тамырлардын кеңейип кетиши менен байланыштырсак болот. Негизи кан тамырлардын кеңейиши  жугуштуу эмес, бирок бул коронавирустан улам жаралган дарт болгондуктан, жугуу коркунучу бар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер