Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Биз “рекет мамлекетке” айланабыз”

Азимбек Бекназаров: “Биз “рекет мамлекетке” айланабыз”

06-август, 13:58
1 896 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Темир Сариев кармалды. Көп камалуулар болууда. Алар ар кандай суммадагы каражат төлөп, айрымдары эки күндө эле бошоп кетүүдө. Мунун баары мыйзамдуу жүрүүдөбү?

-- Мен өлкөдөн сыртта жүргөнүм үчүн ким кандай кылмышка шектелүү менен кармалып, кандай кылмыш менен айыбы угузулуп, кайсы статьянын санкциясы менен «кусуп», анан бошоп жатканын толук билбейм. «Кустуруу» боюнча парламент жаңы мыйзамдарды кабыл алганын, кайсы мыйзамдын негизинде “кусуп” жатат, аны да айталбайм. Акча төлөп сотко жетпей чыгып кетүү – өлкөдө кылмыштуулуктун көбөйүшүнө, адилетсиздикке кеңири жол ачат. Акчалуу кылмышкерлер тергөө органдарын «мыйзамдуу сатып алуусу» катары калыптанат. “Рекет мамлекетке” айланабыз. Түрмө кылмышкерлер үчүн эмес, акчасыздар үчүн боло баштайт. «Кустуруу» коррупциясыз, мыйзамсыз байыгандар үчүн же жеңил экономикалык кылмыштарга колдонушу, булар мыйзам деңгээлинде конкреттештирилбесе, тергөөнүн беспредели күчөйт. Акыры социалдык жарылууга алып келет. 

Мисалы, Кумтөр коррупциясы боюнча “кустуруу”, “тергөө менен кызматташуу”, “кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кетиптир”, “күнөсүн мойнуна алуу” деген шылтоолор менен кимдин бирөөнүн кылмышын кыскартуу, камактан чыгаруу, бошотуу – бул туура эмес деп ойлойм. Кумтөрдөгү кылмыш – кыргыз коррупциясынын туу чокусу. Күмтөр боюнча кылмышкерлер – элдин ырыскысын, байлыгын, тагдырын, келечегин саткан мурдагы президенттер, өкмөт башчылары жана башка эң жогорку мамчиновниктер, “элди багат, эл үчүн кызмат кылат” делинген кызмат адамдары болушкан. Зыяны орду толгус, эсеп жеткис, кылмыш 30 жылга улантылды… Аларга “кустурбайчылык” да, кызматташуу да, эскирүү мөөнөтү да колдонулганы адилеттүү болбой калат. 

Азыркы тергөөчүлөр колдонуп жатышкан «тергөө менен кызматташуу» же кимдир бирөөгө каршы керектүү көрсөтмө алуу практикасы Батукаевдин ишинен бери кеңири практикалана баштады. Мурда андайга мыйзам жол берчү, бирок негизинен жеңил кылмыштарга колдончу. Оор кылмыштар боюнча кылмыш иш сотко чейин жеткирилиши милдет да. Мисалы, азыр Акаевдин Кумтөрдүн иши боюнча тергөөгө жардам бергиси келип, өзүн бактылуу сезгени – сот адилеттигинин принцибине туура келбейт, акылга да сыйбаган көрүнүш. Анткени Кумтөр боюнча эң башкы жоопкер Акаевдин өзү экенин ким билбейт? 

Кумтөр иши боюнча башкалар Акаевдин коррупциялык аракеттерин айтып, тергөө менен кызматташса, жардам берсе да кичине жарашат. Анын өзү күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнүп, элден кечирим сураганы же ондогон миллиардаган долларды төлөп койсо деле, ал эшектин тушагын чечпейт... Эми Акаев тергөөгө эмнени айтып жардам берет? Бул жагы мага табышмак…


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер