Равшан Жээнбеков: “УКМКдан реформаны талап кылсам, мага басым жасап атат”
-- Равшан мырза, акыркы учурда сиздердин үй-бүлөгө бийлик тарабынан кандайдыр бир кысым болуп аткандай сезилет же андай эмеспи?
-- Тилекке каршы, Улуттук коопсуздук кызматы такталбаган, текшерилбеген маалыматты коомчулукка таратып, карындашымды – Бишкек шаардын сотунун судьясы Мира Жээнбекованы куугунтуктоого аракет болуп атат. Мен ойлойм, бир эле анын ишин эмес, биринчи кезекте мага карата кандайдыр бир деңгээлде басым кылса керек (!) деп.
-- Себеби?
-- Себеби, саясатта көз карашым бар. Өзгөчө ушу УКМК боюнча 20 жылдан бери көптөгөн саясый позициямды айтып, кыйла арбын конференцияларды, “тегерек үстөлдөрдү” уюштуруп келатам. УКМК реформа болуш керек. Азыркы турган турушу улуттук коопсуздук кызматына кызмат кылбай эле, тескерисинче, улуттук коопсуздукту коркунучка апкелет, ушул сыяктуу жалган маалымат таратуу менен. Ар бир жаңы келген президентке жеке кызмат кылуу менен объективдүү, адилеттүү, улуттун кызыкчылыгына жооп бере ала турган иш алып бара албасын айтып, реформасын талап кылып атам. Ошон үчүн ушундай басым болуп атат болуш керек.
-- Карындашыңызга чындап эле жалган маалымат таратыштыбы?
-- Ооба. Мен ойлойм, УКМКнын ишинде кайсы бир кызматчылары жетекчилерин алдап коюштубу, же туура эмес маалымат берип коюштубу, же болбосо атайылап ушуга түртүштүбү?..
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити