Текебаевди сатып кеткен Токтошевдин томугу жарылбасын? Ыйлайт...
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
Атамбаев бекеринен “чимкириктер” деп айткан эмес да. Ошол депутат сөрөйлөрдүн бирөөнүн кеп кылалы... “Ата Мекен” партиясынан мандатка жеткен Эдил Токтошев деген бир “былжырак” бар. Лидери Өмүрбек Текебаев ак жеринен камалып атса, бир ооз калыс сөзүн айтпай, Икрамдын астында “шестерка” болуп жүргөнү жалганбы? Өзү сабатсыз, нарк жок, бир бүжүрөгөн байкуш. Анан эки сөздүн башын кошуп, кичине сүйлөгөндү үйрөнүп алыптыр. Сүлдөрү бар, өзөксүз! “Ата Мекенге” 350 миң доллар төлөп, өзү калбыр болсо да “золотой” катары киргенин танабы? Кыскасы, Токтошевдин жүзү кирдүү, ыпластай көрүнөт! Беш жыл депутат болуп, эмне иш бүтүргөнү белгисиз. Текебаевдин тили менен айтканда, мындай эргул “былжырбай” – өтө жийиркеничтүү! Эл көзүнө калп эле жасанып, жарашпаса да сылан короздонот. Мындай “катын сымалды” билген “каралар” салык алып турганы ыраспы? Ай сайынбы? Айтор, “Ата Мекен” тазаланышы шарт, “чимкириктер” мурас болбойт, жакында Токтошевдин томугу жарылбасын? Ыйлайт анан... Себеби, саткындарга убал жок! Чыңгыз хандын доорунда ушундай образдагылар токтоосуз өлтүрүлөт эле. Дагы жакшы, демократияда жашап, кылжыйган пенделер арабызда “сасыткы” болуп жүрүшөт...
Aryba.kg