Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карыганда Жоомарт Оторбаев элчиликти кыялданганда

Карыганда Жоомарт Оторбаев элчиликти кыялданганда

25-октябрь, 21:23
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызмат деген адамды кызылдай эле жейт экен го. Кызмат артынан байлык топтоо кумары ушу тапта күч алмак тургай ашынып кетти. Ал эми кезинде жети өмүрү ыраазы болгудай байлык топтоп алгандар дале кызмат күсөп турганына таңгаласың. Мисалы, экс-премьер-министр, кой оозунан чөп албаган момун көрүнгөн Жоомарт Оторбаев тышкы иштер министрлигинин эшигин улам жыртып, чет өлкөлөрдүн бирине элчи болууга кызмат сурап жүргөнү кызык. Карыганда калжаңдап, жаштардан кызмат талашпай жөн жатууну булар качан түшүнөт деги? Макул Жоомарт Кайыпович элчи боло калса эле кыргыз элине таалайдын таңы атып кетеби? Маселе ушунда. Качанкыга чейин ушул «эскинин калдыктарын» багып жүрө беребиз. Жаңы муун, жаңы дем деген болобу деги бизде? Дегеним, «экспонаттар» амбицияларына азгырылбай, ордуларында эле турса кана, аттиң…  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер