Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Баланчаны жумушка албасаң...” деп курултайчылар коркутушат”

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Баланчаны жумушка албасаң...” деп курултайчылар коркутушат”

13-июнь, 09:00
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, элдик курултай жөнүндөгү мыйзамды карап жаттыңар эле, анын жыйынтыгы кандай болду?

-- Элдик курултайдын мыйзамсыз экенин, алар жергиликтүү бийликтин укуктарын талашып жаткандарын айтып, мен комитетте да, пленардык жыйында да курултайды сынга алгам. Анан депутаттар да курултай өзүнө өтө көп нерсени ыйгарып алганын көрүшүп, жумушчу топ түзүп, мага “эми өзүң жумушчу топту башкар дагы, канат-бутагын кыркып, аша чапкан жерлерин алып бергиле” дешти. “Макул” деп иштеп, курултайдын өздөрүнүн өкүлдөрү да катышып, бир пикирге, консенсуска келдик да, экинчи окууга алып чыктык.

-- Ошондо эмне өзгөрдү?

-- Курултайчылар мурдагыдай жергиликтүү бийликтердин бюджетин карабайт, акимдерге ишеним көрсөтпөө укугуна ээ болбойт. Алар азыр болгону “биз бир жылдык мөөнөткө шайланышыбыз керек” деп талашып жатышат. Биз болсо “бир гана жолку мөөнөткө шайланасыңар. Курултайга келип, ошол жерден оюңарды айткыла, депутаттарды сындагыла, керек болсо эл өкүлдөрү айта албай жаткан ой-пикирин айтып туруп, жакшынакай болуп тарап кеткиле” деп атабыз. Үйүнө курултайчы болбой барыш керек да. Филармониядан чыгып, бир кадам аттагандан кийин болду, сен курултайчы эмессиң. Ошол жерден чыгып, сүрөткө түшүп кете берүүгө тийиш. Анткени, курултайчылардын баарын жаман деп айта албайм, бирок кызматтык машина, кабинет сурап аткан курултайчылар бар. Айыл өкмөттөрүнө чалып, “элди жыйнап тургула, мен эл менен жолугушам” дегендер, өзүнчө график түзүп алып, “сени президентке, премьерге киргизем” дегендер, “баланчаны жумушка албасаң, эмки курултайда сенин маселеңди көтөрөм” деп коркуткандар болууда. 

 Биз негизгиси курултай жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып, аны мыйзамдаштырып берип жатабыз. Курултай өтөт, бирок делегаттар бир эле жолку мөөнөткө шайланат.

-- Алардын нааразы болгону “биз курултайда маселе көтөрсөк, анан анын аткарылган-аткарылбаганын кантип көзөмөлдөйбүз? Же биздин сөз айтылып эле кала береби?” деп атышат...

-- Алардын милдети – элдин көйгөйүн айтып эле коюу. Чечим кабыл алууга эч кандай катышпашы керек. Кабыл алынган чечимдер боюнча бийлик ЖМКлар аркылуу өзүнүн маалыматын бере берет. Анан “эмне аткарылды, эмне аткарылбады?” деп талап кылгыдай... Анда парламенттик шайлоого катышсын. Добуш алып келип, мобул жерге отургандан кийин каалаганын айтып, талап кыла берсе болот. Конституцияда ошентип жазылган, “элдин пикирин президент жана Жогорку Кеңеш айтат” деп. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер