Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Санира Маджикова: “Дүйнөдө эң көп каражат тапкандар – программисттер!”

Санира Маджикова: “Дүйнөдө эң көп каражат тапкандар – программисттер!”

19-сентябрь, 12:10
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим Санира Маджикова Бишкекте студенттер үчүн IT-клубун негиздеген программисттердин бири. Ага мындай идея кокусунан келгенин белгилейт жана билим алгысы келген жаштардан акы албайт. 


Компьютерди кичинемден жакшы көрөм

-- Кичинемден техникага жакынмын. Компьютерди тез эле өздөштүрүп, апамдын каршы болгонуна карабай программист кесибин тандагам. Сынакка катышып, АКШга барып IT тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгүн утуп алгам. Албетте, Америкада окуу жеңил болгон жок, бирок, мен курсту ийгиликтүү бүтүрүүгө жетиштим. 


Программисттер клубунда атайын мугалимдер жок, бири-бирибизге үйрөтөбүз  

-- Учурда биздин клубда жүзгө чукул студенттер бар. Алар Бишкектеги жогорку окуу жайларынын ушул багытта билим алып жаткан студенттери. Тажрыйбалуу мугалим жок болгондуктан, клубга келгендер да акча төлөбөйт. Кайсы бир программаны жакшы билгенибиз башкаларга үйрөтөбүз. Интернет сайттарды даярдоо үчүн чакан ишканалардан тапшырык алабыз. Анын акчасы клубдун майда-барат чыгымдарына жумшалып турат. Мисалы, имараттын ижарасын төлөгөнгө жана иш-чара уюштурууга жумшалат. Студенттерди жумуш менен камсыз кылуу да каралган. Эгер сунуш түшүп калса, мен билим алгандардын бирин компанияларга сунуштай алам. Албетте, бул кызмат бекер көрсөтүлбөйт, акысын беришет. 


Ар бир адам программист боло алат

-- Программист болуу анчалык деле кыйын эмес. Мен мурда Американын IT  кызматкерлери абдан акылдуу, техниканы укмуш түшүнөт деп ойлочум. Бирок, андай эмес экенине өзүм күбө болдум. Ал жакта деле программист болуш үчүн кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүп, талыкпай окушат, үйрөнүшөт. Кыргызстанда компьютердин тилин билген кыйын балдар көп, болгону аларга багыт жетишпей жаткандай. Ар бир эле адам кызыкса программист боло алат. 


Дүйнөдө эң көп каражат тапкандар – программисттер

-- Түрдүү компьютердик программаларды, мобилдик тиркемелерди ойлоп тапкандар дүйнө жүзү боюнча, анын ичинен Кыргызстанда да жогору бааланат. Аны үйрөнүү үчүн адамдын жөндөмдүүлүгүнө жараша убакыт коройт. Маселен, айрымдар бир жылда жакшы өздөштүрсө, кээ бири эки-үч айда эле үйрөнүп кетет. Программалоонун да 3D-моделдөө, графикалык дизайн, долбоорлор менен иштөөгө болот. IT тармагында эмгектенгендердин эң азы 1000 доллардан жогору каражат табышат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер