“Кемпир-Абад боюнча маселе өтө татаал, муну кененирээк форматта карайлы”


-- Кемпир-Абад боюнча келишим эки ача пикирлерди жаратууда. Сиздин оюңуз кандай?

Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер:
-- Чек ара маселеси дүйнөлүк практикада абдан көйгөйлүү, эң оор түйшүк. Биз дагы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин ушундай сүйлөшүүгө мажбур болдук. Алгач Кыргызстан менен Кытай, андан соң Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен болгон сүйлөшүүлөр курч коюлуп чечилип келет. Өзбекстан менен геостратегиялык маселе болууда. Учурда өзбек президентинин Кыргызстанга болгон саясый эрки, жылуу мамилеси болуп жатканда, бул маселени чечип, чекит коюлбаса, жылдан жылга курчуп кала бермекчи. Чек арага дайыма аяр мамиле кылып, биринчи кезекте бийлик, экинчи кезекте жергиликтүү эл дагы туура түшүнүшү шарт. Каримовдун убагында эмне деген кагылыштар болуп келгенин соңку жаңы тарыхыбыз далилдеп турат. Тажикстан менен болгон окуяда чырактай уулдарыбыздан ажырап калдык.
Менин балалык кезим Ат-Башы районунун Ак-Муз деген айылында өткөн. Биз бала кезде Кытай менен Советтер Союзунун мамилеси да бир топ чыңалууга алып келген. Чычкан жорголобогон чек ара эле ал кезде. Бир топ чыңалуу жаралып, түн ичинде оор техникалар өткөрүлүп, “танканы алып кетип жатат” деп кооптонуу, сактануу менен жашаган күндөр болгон.
“Жабык эшик артында” деп кечээ долбоор талкууланды. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев азыркы иштеп жаткан командасы, чек ара боюнча комиссиянын өкүлдөрү менен келип, конкреттүү түрдө жагдайды экрандан көрсөтүп, мурда кандай болгонун, азыр кандай өзгөрүп калганын түшүндүрүп, Ала-Букага, Ноокенге, Араван, Кадамжай райондоруна канчалаган жерлер өткөндүгүн ачык-айкын көрсөтүп берди. Бир сөз менен айтканда, 19 миң 699 гектар бизге өттү. Ал эми суунун астында калган 4485 гектар жер Өзбекстанга берилерин айтты. Сууну болсо биргелешип башкаруу боюнча келишимдин долбоору даярдалган экен. Токон Мамытов, Исмаил Исаков баштаган коомдук ишмерлер, оппозициячыл депутаттар да көз караштарын билдиришти. Менимче, абдан негиздүү, салмактуу ой-пикирлер айтылды. Бул долбоор колдоого алынды. Келишимдин долбоору да ал жерде отургандарга таркатылгандыктан, бир сыйра көз жүгүртүүгө жетиштим. Карап чыксам, бир топ тиркемелер бар экен. Анын көбү жашыруун түрдө бекитилген. Көпчүлүк депутаттар өкмөт даярдап келген келишимди жактырары байкалды. “Өзүбүздүн эле кызыкчылыгыбызды көздөп, бир кадам алдыга жылбай турсак, кандай күнгө дуушар болобуз?” дегендей пикирлер жолдонду.
Бүгүнкү күндө чек ара маселесине келгенде эки жакка бөлүнбөй, кыргыздын келечегин ойлоо менен чечүү туура деп эсептейм.

Тимур Саралаев, жарандык активист:
-- Учурда коомчулук кичине сабырдуулук кылышы керек экен. Кемпир-Абад боюнча маселе өтө татаал. Албетте, бул нерсе жергиликтүү калкка жакпайт. Коңшу турган, айрыкча суу сактагагычтын тегерегинде жашаган калкка өөн учурайт. Алардын балалыгынан баштап, ушул күндөргө чейинки жашоолорунун бир бөлүгү Кемпир-Абад менен байланыштуу. Ошондуктан жергиликтүү элдин сын пикирлери айтылган эмоционалдуулук көбүрөөк болуп жатат. Бийлик өкүлдөрү жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышса да, канааттандырарлык чечмелеп беришкен жок. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы – кечээ эле жарым-жартылай жыйында макулдашуу долбоору боюнча айтылды: “Кандай башкарылат? Өзбек тараптын шарттарын билебизби? Кыргыз тараптын шарттары кандай? Биз берсек эмнеден утулабыз жана эмнеден утабыз?” деген көп кырдуу маселе экен. Бул маселенин айланасында жүргөн жергиликтүү калк, активисттер, болгерлер, журналисттер, саясатчылар өздөрүнө ыңгайлаштырып сүйлөп жатышат. Ошон үчүн муну кененирээк форматта караш керек. Саясатчылардын кызыкчылыктарына карабай, масштабдуу караш керек. Учурда элибизге сабырдуулук гана керек. Калганын убакыт көрсөтөт.

Шерадил Бактыгулов, саясат талдоочу:
-- “Чек ара Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн 98% оң тарабына чечилди” деп айтсак болот. Негизи жалпы биздин өлкөнүн кызыкчылыгы жакшы тарабынан корголуп калат. Жергиликтүү эл, оппозиция тарап түрдүү пикирин айтууда. Талкуу катуу жүрүүдө. Бирок бизге бүгүн так чечилген чек ара керек болуп турат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











