Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Сагынбаева: “Мендей аялдар күйөөңөрдү ойнотуп кетпесин десеңер, өзүңөрдү карап жүргүлө”

Айнура Сагынбаева: “Мендей аялдар күйөөңөрдү ойнотуп кетпесин десеңер, өзүңөрдү карап жүргүлө”

03-февраль, 12:06
4 455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Косметолог Айнура Сагынбаева баракчасынан кыз-келиндерге кеңешин жолдоду:

Бытовуха же турмуш түйшүгү сүйүүнү жок кылат” деп көп эле айтышат. Эмнеге эркектерде аялына болгон каалоо жок болуп, башка селкилерге көз артып башташат? Ооба, алар кийиктин артынан азарт менен мылтыгын көтөрүп алып чуркагандай эле, улам жаңы сүйүү издеп, жигиттигин көрсөтүп, өздөрүн бир укмуш сезгиси келишет. Анан үйдөгү колуктусу кызыксыз болуп калат. Анысы аз келгенсип, айымдар биз өзүбүз дагы эски халатты түшүрбөй кийип, саксайган чачыбызды тарабай, үйдөгү ызы-чуу, казан-аяк менен аралашып калабыз.

Мен Эмирланды жаңы төрөгөндө №3 балдар ооруканасына жатып калдык. Ошондо мени менен палатада уйгур улутундагы сулуу аял жатты. Чоңоюп калган үч баласы бар экен. Экөөбүз көп сүйлөшүп калчу элек. Бир баласын аябай бай эркектен төрөп алыптыр. Бирок, ал кишинин үй-бүлөсү бар экен. “Памперс алгандан уялат, тааныштарым көрүп калса  эмне дейт” деп күлүп айтып берчү. “Я для себя родила. Уводить его из семьи не хочу. Зачем? У меня свои дети его не примут” деп ачык эле айтчу. “Алтындарым, мендей аялдар күйөөңөрдү ойнотуп кетпесин десенер, өзүңөрдү дайыма карап жүргүлө!  Үйдөн эч качан жыртык, эски кийимдерди кийбегиле. Мен дайыма боёнуп жүрөм, боёксуз мени эч ким, жадагалса балдарым дагы көрө элек. Чачымды жасап жүрөм. Сүйгөнүмө бийлеп берем. Күйөөм мени өтө сүйчү эле, көзүмдү карап турчу... Күйөөмдөн ажырап калганда аябай жаман болдум. Эч бир эркекти күйөөмө теңебейм” деп көзү жашка толуп сүйлөп калчу ошол сулуу эже.

Мына кыздар, ошол сөздөр менин оюмда калып калыптыр. Ошону силер менен бөлүшкүм келди. Сүйүүнүн үстүндө, мамиленин үстүндө иштеш керек. Үй-бүлөдө жашоо – бул чоң иш аракет. Өзүнөн-өзү эле бакыт бир келип, өмүр бою бир калыпта эле боло бербейт экен. Ким макул?”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер