Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөдө коронавирустун кайсы штаммы менен ооругандар көбүрөөк?

Өлкөдө коронавирустун кайсы штаммы менен ооругандар көбүрөөк?

21-декабрь, 12:07
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы COVID-19 коронавирусунун толук геномунун секвенирлөө жана терең филогенетикалык изилдөө боюнча кеңешме болуп өттү. Анда мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториялык изилдөө борборунун жетекчиси бүгүнкү күндө өлкөдө мутацияланган Индиянын “дельта” штаммы басымдуулук кыларын, ал эми жаңы “омикрон” штаммы аныкталбаганын белгиледи.

“Пандемиянын башында COVID-19дун А варианты тараган болсо, эки жыл ичинде вирустун өзгөрүү жөндөмдүүлүгүнөн улам жаңы мутацияланган варианттар пайда болгон, мисалы Индия, Түштүк Африка, Британия жана башкалар. Жакында эле дүйнөнүн 85 өлкөсүндө катталган “омикрон” деп аталган дагы бир жаңы штаммы пайда болду. Биздин республиканын аймагында кайсы штаммдар бар экенин аныктоо үчүн биоматериалдарды Орусиянын "Вектор" вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борборуна жөнөтчүбүз” дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы изилдөөлөрү көрсөткөндөй, “омикрон” штаммы толук айыга электерде да пайда болушу мүмкүн. Андыктан аралыкты сактоо, беткап тагынуу жана жеке гигиенаны сактоо сыяктуу эң жөнөкөй профилактикалык чараларды көрүү өтө маанилүү экени белгиленди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер