Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Жумабеков менен Талас Бегалиев эмнеге урушту?

Дастан Жумабеков менен Талас Бегалиев эмнеге урушту?

10-ноябрь, 20:29
10 997 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

28-29-30-октябрь күндөрү Таласта көкбөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, ар бир облустан барышкан. Тилекке каршы, маараке ойдогудай өтпөй калды. Алгач Дастан Жумабеков демилгени колго алып, 1 миллион сом чыгарып атканын бетке кармап, өзүнүн кичи мекенине оюн-зоокту уюштурууга ашыгат. (Эл астында упай алуу үчүн). Бакыт Райымкулов сыяктуу ышкыбоздор “Чүйдө эле өткөзөлү, аттардын баарын ташып жүрүү да түйшүк” дегендей сөздөрдү айтышса, Дастан укпай коёт. Ошентип, ар облустан улакчылар келишип, мелдеш да аягына чыгат. Биринчиликти Таластын командасы, экинчини Чүйдүн мыкчыгерлери утушуп, тизме андан ары уланат. Эң кызыгы, башта айтылган 1 миллион сом толук байгеге берилбей, үчтөн бири гана эптеп чогулганы, аягы чыр-чатакка айланганы кандай? Дастан Жумабеков менен “Көк-Бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев уруша кетип, аз жерден калышканбыОшондо ар бир облустан Таласка чейин оюн көрсөтүү үчүн барышкан улакчылардын мээнети эмне болдуДал ушул жагынан териштирүүлөр козуп турганын аталган федерациядагы өздүк булагыбыз билдирди. Эгерде Дастан Жумабеков сөзүнө турбаса, байгелерди толук бербесе, өзүн өпөңдөтө улак кылып тартып кетишпейби? Кызык тамаша алдыда окшойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер