Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Клара Сооронкулова менен Рита Карасартова “соодалашууга” барышпайбы?

Клара Сооронкулова менен Рита Карасартова “соодалашууга” барышпайбы?

02-декабрь, 15:49
844 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров президентке (досуна дагы) жолукканы боюнча маалымат желдей тарап, саясый чөйрөдө ар кандай жоромолдорго “жем” таштады. Мындай көрүнүш Кыргызстанда гана бүйүр кызытат, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө бийлик-оппозиция бир столго отуруп, кандайдыр бир маселелерди талкуулашары көндүм нерсе. А биздикелердин сүйлөшүүсү кандай нукта болгонун ийне-жибине чейин билбейбиз. Садыр Жапаров реалдуу президент, андыктан позициясын алдырбайт, айтканынан кайтпаса керек. Артында ИИМ, УКМК бар. Балким, кеп ыңгайы жубатуучу маектешүүлөргө чыйыр салдыбы? Кызыгы, “кемпирабадчылардын” ичинен Клара Сооронкулова, Рита Карасартова баштаган аялдар өз беттегендеринен тайышпай, туруктуу позицияларын карманышарын уктук. Ошондо бийликтин “упчусуна” үмүт кылышпай, демократиялык эркин саясатчылар катары кала беришеби? “Соодалашууга” азгырылышпаса, кийинки саясый күрөштөрдө, президенттик, парламенттик шайлоолорго жүздөрү жарык барышары азыртан байкала баштагандай.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер