Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсун Мамырбаева: “Кош бойлуу аялдарда ковиддин оор курсунун тобокелчилиги бар”

Турсун Мамырбаева: “Кош бойлуу аялдарда ковиддин оор курсунун тобокелчилиги бар”

11-май, 17:46
606 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КРСУнун педиатрия кафедрасынын профессору менен маек.

-- Вирус күчөп турган кезде кош бойлуулар үчүн дагы коркунучтар бар да. Сактануунун жолдорун айтсаңыз?

-- Ооба, чындыгында, кош бойлуу аялдар дагы ушул инфекцияны жуктуруп алуу коркунучунда. Кош бойлуулук оору эмес, аялдын курсагында жаңы жашоо жаралса, анын денеси айлана-чөйрөнүн ар кандай факторлорунун терс таасирлерине өзгөчө сезимтал болуп калса, бул өзгөчө шарт экендигин баарыбыз билебиз. Демек, кош бойлуулук – бул вирустук жана бактериялык инфекциялардын, анын ичинде COVID-19дун жугуу коркунучун жаратуучу фактор. Андан тышкары, ковиддин оор курсунун келип чыгуу тобокелчилиги бар. Көп нерсе алардын баштапкы ден соолугуна байланыштуу. Өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдар COVID-19 оор түрлөрүнүн өнүгүү кооптуулугуна кирет.

Дарыгерлер төрөттү пландаштырууга ар дайым кеңеш беришет. Кош бойлуулукту пландаштыруу балдардын төрөлүшүн кыскартууну билдирбейт, анткени, медициналык адистер көп учурда туура эмес чечмеленип, ар кандай оор күнөөлөргө айыпталууда. Аял кош бойлуулукка даярдануусу керек, башкача айтканда, организмдин абалын керектүү экспертизадан өткөрүү, кандайдыр бир көйгөйлөр аныкталса, дарылоо, профилактикалык дары-дармектерди алуу. Бул өзүнүн ден соолугун сактоо үчүн гана эмес, төрөлө элек баланын саламаттыгы үчүн да маанилүү.

Вирустан сактануу үчүн:

• Колдун гигиенасын караңыз

• Чүчкүргөн же жөтөлгөн адамдардан алыс болуңуз.

• Башка адамдардын курчоосунда болгондо беткап кийип жүрүңүз.

• Көзүңүзгө, оозуңузга же мурунуңузга колуңуз менен тийбеңиз.

• Эгерде аял өзүн жаман сезсе, үйдө отуруңуз.

• Эгерде дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, же оор дем алса, дарыгерге кайрылыңыз.

-- Боюнда бар аял өзүн жеңил, дени сак алып жүрүш үчүн эмнелерге өзгөчө көңүл бурушу керек?

-- COVID-19 пандемиясынан улам, мындай шарттагы аялдар үйдө көбүрөөк убакыт өткөрүүгө мажбур. Бирок, жаш курагына, кош бойлуулук мезгилине жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, физикалык активдүүлүк өтө маанилүү. Үч-төрт мүнөттө сейилдөө же көнүгүү жасоо түрүндөгү жеңил физикалык активдүүлүк менен бир аз булчуңдардын чыңалуусун жоюуга, кан айланууну жана тулку бойдун иштешин жакшыртууга жардам берет. Дене тарбия көнүгүүлөрү акыл-эс үчүн да пайдалуу. Бул кан басымды төмөндөтүүгө, салмагыңызды көзөмөлдөөгө жана ар кандай тобокелдигин азайтууга жардам берет. Кош бойлуу аялдар үчүн күн сайын таза абада сейилдөө эң пайдалуу, жок дегенде 30-40 мүнөт.

-- Эне жана курсактагы баланын туура тамактануусу да көп нерсеге таасир этсе керек?

-- COVID-19 пандемиясы учурунда ден соолукка пайдалуу тамактарды жеген абдан маанилүү. Диета организмдин инфекцияга каршы туруусуна, аны менен күрөшүүгө жана оорудан айыгууга таасир этет. Эгер вирус жукса тамак-аш коргой албайт же айыктыра албайт, бирок иммундук функцияны сактоо үчүн туура тамактануу керек. Мындан тышкары, тең салмактуу тамактануу башка оорулардын, анын ичинде семирүү, жүрөк оорулары, кант диабети жана рактын айрым түрлөрүнүн пайда болуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Жетишсиздик же ашыкча тамак эненин ден соолугуна гана эмес, ошондой эле түйүлдүктүн саламаттыгына, өсүшүнө чоң таасирин тийгизет. Мисалы, аялдын тамак-ашындагы фолий кислотасынын жетишсиздиги мээнин жана жүлүндүн айыкпас бузулушун, йоддун жетишсиздиги  түйүлдүктүн жансыздыгын, өлүү төрөт, ар кандай органдардын, анын ичинде мээнин, А витамининин жетишсиздигинин өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. 

-- Айрымдарда өтө күчтүү токсикоз болот эмеспи. Анын себептери эмнеге байланышкан жана андан арылуунун жолдору кандай?

-- Жогоруда “кош бойлуулук оору эмес деп айттык. Ошондуктан, токсикоздун себептери көп, кээ бир жагдайлар дагы деле толук түшүнүктүү эмес. Денесинде пайдалуу заттардын жетиштүү запасы бар, дени сак аялдарда токсикоз өтө сейрек кездешет. Бойго бүткөндө аялдын денесинде, ички секреция бездеринин катышуусу менен нерв системасы тарабынан жөнгө салынуучу дээрлик баардык органдардын жана системалардын ишинде адаптациялык өзгөрүүлөр болот. Токсикоз – болочок эненин организминин адаптация механизмдеринин өнүгүп келе жаткан түйүлдүктүн керектөөлөрүн жетиштүү деңгээлде канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнөн улам пайда болот.

-- Токсикоздун белгилери кандай?

-- Жеңил токсикозду көбүнчө үй шартында дарылайт. Бирок, ошого карабастан, кош бойлуу аял дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, сунуш кылынган баардык анализдерди тапшырышы керек. Тамакты ар бир эки-үч саатта бир аз бөлүктөргө бөлүп-бөлүп жеш керек. Тамак-аш оңой сиңүүчү, калориялуу жана байытылган болуш керек. Табиттин төмөндөшүнө байланыштуу болочок энеге ар кандай жана жагымдуу тамак-аш сунушталат, башкача айтканда, анын каалоосун эске алуу менен азыктарды тандоо керек.

Фармакологиялык эмес каражаттардын арасында физиотерапия көнүгүүлөрү жакшы натыйжа берет. Көнүгүүлөрдүн комплексине сейилдөө, буттун булчуңдарын сунуп, терең дем алуу кирет. Калыбына келтирүүчү гимнастикага дем алуу ыкмаларын да кошобуз. Натыйжада, организм кычкылтекке каныккан, кусуу борборунун дүүлүгүүсү төмөндөйт – токсикоз жеңилдейт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер