Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министрлик 5-10 киловаттык чек тууралуу түшүндүрмө берди

Министрлик 5-10 киловаттык чек тууралуу түшүндүрмө берди

16-ноябрь, 11:52
1 219 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Калк арасында 5 киловаттык, 10 киловаттык чек тууралуу жаңылыш ойлор жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев «Маралдын» эфиринде билдирди. Анын айтымында, 5 киловатт, 10 киловатт дегенди энергия катары кабыл албоо керек. Бул  кубаттуулук.

«Эл 10 киловатты колдонуп бүтсөм, жарык өчүп калат экен деп түшүнүп жатышат. Андай эмес. «Акылдуу эсептегичтерди» орнотуп жатканда техникалык шарт берилип, кайсы бир кубаттуулук көрсөтүлөт. Бир убакта үйдөгү электр жабдуулардын баарын иштетип коюп, алардын кубаттуулугу көрсөтүлгөндөн ашып баратса, «акылдуу эсептегич» жарыкты автоматтык түрдө өчүрүп коёт. Бул – программада көрсөтүлгөн чектөө. Биз атайын өчүрүп жаткан жокпуз» деди ал.

Министрдин орун басары бүгүнкү күндө мекеме тараптан электр энергиясын колдонууга атайын чектөө жок экенин кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер