Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түштүкизация: Мамытов, Ташиев, Зулушев, Аманбаев – региондук баланс бузулдубу?

Түштүкизация: Мамытов, Ташиев, Зулушев, Аманбаев – региондук баланс бузулдубу?

15-ноябрь, 01:08
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-ноябрдан баштап Садыр Жапаров буга чейин ээлеп келген кызматтарын өткөрүп берип, шайлоого аттанат. Ошондо парламенттин спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу болуп калат (эң жогорку эки креслону ээлеп). УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин таасири артып турса, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев дээрлик бийлик бутактарына көзөмөл кылышууда. Эске салсак, кайсы гана бийлик болбосун, жогорку кызматтарга кадрларды дайындоодо региондор аралык балансты кармап, калыстыкка аракет кылышчу. Учурда үлкөндөрдөн Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Бакыт Аманбаевдер түштүк регионунан болушат. Мамлекетти тескөөчү негизги “рычагдар” мына ушуларда. Кандай болгон күндө да, достордун бийлик жүргүзүүсү күч алды. Башкасын мисал келтирбесек дагы, Чүйдө 1 миллиондон ашык эл жашайт. Эмне үчүн бул региондон көрүнүктүү лидер чыкпай калды? “Боёосу канды...” дегендей, биз белгилеген катачылыкты мындан ары эске алгыла! Мансап-байлык колдун кири, бүгүн бар да эртең жок. Адилеттүүлүк, калыстык өкүм сүргөндө гана бийликтин пайдубалы бекем болорун унутпагыла! “Түштүкизация” термини керек беле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер