Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликтин рейтинги түшкөндө Сыймык Жапыкеев олуттуу жоого айланса...

Бийликтин рейтинги түшкөндө Сыймык Жапыкеев олуттуу жоого айланса...

15-май, 18:29
807 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Сыймык Жапыкеев финполду жетектеп, кыйла ирденип алганы байкалат. Андан соң Ысык-Көл облусунун прокурору катары аз убакыт иштеп, бирок бул кызматка алымсынбай койду. Түз эле бийликке сын айтып, отставкага кетти. Сыягы, “майталкандан” кийин облпрокурорлукту чанып, баса берди окшойт. Эми Жапыкеев чогултуп алган акчасы менен күзгө чейин чет өлкөлөргө саякаттап, сайран куруп, андан соң саясаттын ташын чалары каңкууланууда. Азырынча бийликтин рейтинги түшө элек экенин аңдап, убакыттын өтүшүн санап, өрлөбөй калганда өпкө үзүүгө батынабы? Учурда ал саясатчылар менен консультацияларды өткөрүп, өрөпкүп басып жүргөн чагы. Бийликте терең мааниде акыл калчагандар болсо, Сыймык Жапыкеевди күзгө жеткизбей эле эбин таап, мыйзам бузса жазалап, сопу кылып коюшу мүмкүнбү? “Жоо аяган жаралуу” демекчи, дал ушул эргул төбө каңдап жүрбөсүн эй? Тарапташтарын жетиштүү деңгээлде козутчу эле... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер