Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 30 жылдан бери татыктуулар тебеленип, татыксыз ыпластар көтөрмөлөнүп келет

30 жылдан бери татыктуулар тебеленип, татыксыз ыпластар көтөрмөлөнүп келет

05-июль, 09:52
615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият тармагындагы ылайланган көрүнүштөр. Бексултан Жакиев агабыз боюнча оюмду ортого салайын. Мен билген Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссия бир ууч маданияттын "беш камандарынын" чеңгелинде калып келет. Эмесе сөз башынан болсун.  

Бул мамлекеттик комиссияны Аскар Акаев доорунан баштап, илгертен таанымал болгон  Бексултан Жакиев агабыз жетектеп келди. Ал киши ал убакта коомчулукта “Аскар Акаевдин бажасы" деген ат менен да таанымал болуп калган учуру эле. Адегенде “Аскар Акаевдин бажасы” деген каңырыш кептерге ишенип да жүрдүк. Көрсө, эч кандай бажа эмес эле, жубайы Сабира эже таластык үчүн экен. Кандай гана маданият тармагындагы чоң-чоң иш-чаралар болбосун Бексултан Жакиев агабыз "төрдүн көркү" болуп сый-урматтын үстүндө болду. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ар бир доордун маданият өкүлдөрүнөн турган өзүнүн "арзыматтары" бар. Аскар Акаев доорунун да өз "арзыматтары" болду. Ошол "арзыматтардын" анабашында Бексултан Жакиев, Муратбек Бегалиев, Түгөлбай Казаков, Султан Раев, Акылбек Абдыкалыков, Кыргызбай Осмонов ж.б. болду.   Бексултан Жакиев агабыз "Манас-1000" дирекциясын жетектеди, анан эле аз өтпөй Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын түшпөс хан жетекчиси болуп чыга келди. “Чү” дегенде эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка өзүн татыктуу деп эсептеп, бул сыйлыкты ыйгарууну так өзүнөн баштады. Кудай бетин салбасын, ал кишинин айлана-чөйрөсүнө өзүнүн "арзыматтарынан" турган тобу түзүлдү да калды. Алар ал кишини алаканга салып гана турушту го чиркин! Ошол эле Муратбек Бегалиев, ошол эле Султан Раев, ошол эле Акылбек Абдыкалыков  ж.б. Кызыгы, Муратбек Бегалиев эч бир чыгармачылык  материалдардын топтомун жобого ылайык сунуштабай туруп эле, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болду. Ал учурда Муратбек Бегалиев Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын сүрөтүн иш бөлмөсүнө иконадай илип алып, аларга чаң жугузбай саймедиреп, кошоматын кошмоктоп айтып турган мезгили эле. Ошол кошоматтын аркасы менен дароо эле "эл артисти", кийин маданият министринин орун басары, андан кийин жогорку окуу жайлар боюнча   ректорду тандоо жана дайындоо боюнча жобону одоно бузуу менен азыркы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын "түшпөс хан" ректору болуп чыга келди, бали! 

Ал эми Түгөлбай Казаков болсо “Майрам апченин” аркасы менен каалаган кызматын ээледи, маданият министринин орун басарлык кызматына чейин жетти. Аз өтпөй президент маданият кызматкерлерине салдырган эң алгачкы үйдөн  көлөмдүү квартира, көчөдөн келип эле "эл артисттикти" ала койду. Маданият тармагында ызы-чуулар күчөгөндө, арыдан-бери куйрукту түйүп, Аскар Акаев бийлигинин ичегисине суу жүгүртүп, кактап турган Мелис Эшимкановдун "Асаба" гезитине катардагы журналист боло калды. Аскар Акаев доорунун болгон  "жылтырагын" көргөнүнө карабастан, Аскар Акаевди каалашынча гезит аркылуу талкалап турду. Мына, Аскар Акаев доорунун "арзыматтарынын" бири Түгөлбай  Казаковдун ошол мезгилдеги жүзү. Ошону менен ар кайсы жерде тирлик кылып жүргөн Түгөлбай Казаков агабыз кийин Алмазбек Атамбаевдин доорунда "чил боор" жердештеринин колдоосу менен кайрадан аренага кирип, эми маданият, маалымат жана туризм министри болуп келип, эмне деген ызы-чуу менен кызматтан кеткенин элдин баары билет. 

Ал эми Султан Раев болсо Бексултан Жакиев   менен Муратбек Бегалиевдин чачпагын көтөрүп жүрүп, катардагы журналисттен азуулуу маданият министрине чейин өсүп жетилди. Бексултан Жакиев агабыздын колдоосуна ыраазычылык билдирдиби, айтор, маданият министри болуп келери менен министрликте финансист болуп иштеп жүргөн Бексултан Жакиев агабыздын жубайы Сабира эжени "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" аттуу мамлекеттик чоң даражадагы сыйлыкка көрсөттү кылып, аталган сыйлыкты алып берди. Бул чыгармачылык инсандарга гана бериле турган сыйлыкты алып бергенден Бексултан Жакиев  агабыз да, Султан Раев да уялган жок, тийешеси жок мамлекеттик сыйлыкты алганына Сабира эжебиз да уялып койгон жок. Ошондой сый-урматтын “үзүрү” менен Султан Раев көп узабай Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болуп чыга келди. "Устатынан шакирти өтүптүр" дегендей, Бексултан Жакиев агабыздын "кешигин" ичип калганданбы, Султан Раев келген эле бийликке өз киши, өз көмөчүнө күл тарткан түшпөс хан, маданият боюнча кеңешчи. 

Ал эми Акылбек Абдыкалыков болсо Бексултан Жакиев агабыздын колдоосу менен Аскар Акаев доорунда азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалып, жыл айланбай иш учурунда мас абалында хулигандык менен театрдын ошол убактагы башкы сүрөтчүсү Мелис Исхаковду тепкилеп сабап, ал башынан оор жаракат алып, кийин ошол жаракаттын кесепетинен инсульт алып, паралич болуп кыйналып жатып, каза болуп калганбы (?) деген суроо туулат. Андан тышкары, Акылбек Абдыкалыков директор болуп турганда, театрдын кызматтык унаасын айдатып, жер-суунун баарын кыдырып, театрдын эсебинен үйүнө керектүү эмерек, тиричилик техникаларын сатып алдырып, казынага чоң зыян келтирип, театрдын 1996-жылкы 70 жылдык  юбилейлик сезону уюшулбай, жан киши жок ачылбай, шерменде кылып, акыры Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын көрсөтмөсү менен кызматтан айдалып кеткенин элден уккан жайыбыз бар. Ошол адамды Бексултан Жакиев агабыз сүрөп, көтөрмөлөп жүрүп, эч бир уялбастан өзүнүн ордуна Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссияны жетектеткенге жетишти. Ошентип, бүгүнкү күндө мамлекеттеги кадыр-барктуу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиясын ушул мойнунда адамдын каны калган ыплас адам Акылбек Абдыкалыков жетектеп турат. Натыйжада, адегенде эле Акылбек Абдыкалыковдун бир тууган иниси Актан Арым Кубат Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыктын лауреаты болуп чыга келди. Андан кийин Акылбек Абдыкалыковдун өмүр бою массовкада жүргөн актриса аялы Анара Назаркуловага "Кыргыз Республикасынын эл артисти" аттуу жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыкты алып беришти. 

Ал эми Кыргызбай Осмонов ар кайсы жакта урунуп-беринип жүрүп, Аскар Акаев доорунда өзү айткандай Чолпон Баекова "апченин" колдоосу менен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына директор болуп келип, дароо эле "эл артисти" болуп чыга келди, далай ызы-чуу иштери боюнча нааразычылыктар күчөгөндө, арыдан-бери маданият министрлигине барып кыпчылып туруп, анан эле залкар акын Замирбек Үсөнбаевди күлала кылып жумуштан кетирип туруп, ордун тартып алып, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директору болуп  чыга келди. Бүгүнкү күндө филармонияны каалашынча калчап, менчигиндей пайдаланып, чыгармачыл инсандардын убалына калып келет. Акыркы эле мисал, элдин сүймөнчүк уулу Элмирбек Иманалиевди филармониядан кыскартканы эмне деген жорук? Элмирбек Иманалиев филармониядан кыскарып, филармонияга батпай кала турган талант беле? Кыргызбай Осмоновдун финансылык   мыйзамсыздыктары, жасалма   документтери боюнча азыр Ленин райондук прокуратурасында иши каралууда. Анын ордунда анча-мынча уяттуу бирөө болсо уятына чыдабай, Элмирбектен кийин өз арызын жазып иштен кетмек. Кыргызбай Осмоновдун өзүнүн баласы улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери, балким, адатынча ошондон улам тоготпой жатышы да мүмкүн. 

Мына бүгүнкү күндөгү маданият тармагындагы ылайланган көрүнүштөр. “Бексултан Жакиев агабыз илгери Таттыбүбү Турсунбаева кайын сиңдимдин чыгармачылык триумф учурунда, бир пьесасындагы ичкич аялдын ролун сунуштап, таңуулаганда, Таттыбүбү макулдугун бербей, ойноодон баш тарткан күндөн баштап, келишпес душманы болуп, Таттыбүбүнүн эмгеги татыктуу бааланбай калган” деп Таттыбүбүнүн жеңеси Жыпаргүл Турсунбаеванын бир канча жолу мага айткандары эсимде. Көрсө, ошол учурда эле бул агабыз Муратбек Рыскулов атабыздын кол баласы болуп жүрүп, бийлик чөйрөсүнө аралашып, маданият боюнча ар кандай комиссияларга мүчө болуп, маданият адамдарынын чыгармачылыктагы тагдырын чечкен чоң фигуралардын бири болуп келгени, эл оозунда илгертен айтылып келгенин угуп калып жүрөм. Мен бул кишинин жашын гана  сыйлайм, бирок, "чыгармачылык" деген жолун тааныбайм. Бир гана "Атанын тагдыры" пьесасы боюнча коюлган спектаклдерди көрүп жүрдүм. Бирок, улуу акын Алыкул Осмоновдун "Жеңишбек" поэмасына баштан-аяк окшош, үндөш болгондуктан, плагиат катары кабыл алгандардын катарындамын. Республика боюнча театрларда бир туруп Бексултан Жакиев агабыздын, бир туруп Султан Раевдин пьесаларын кайталап койгон кадамдарын, коюп жаткан режиссерлордун мамлекеттик сыйлыктар ошол Бексултан Жакиев агабызга, Султан Раевге окшогон "беш камандардын" чеңгелинде экенинен улам болуп жаткандай кабылдай берем. 

Ушундай темп менен 30 жылдан бери татыктуулар тебеленип, татыксыз ыпластар көтөрмөлөнүп келет. Мисалы, Омор Султанов эмне деген дүйнөлүк талант, Эрнис Турсунов эмне деген кайталангыс көп кырдуу жазма адабияттын өкүлү эле ж.б.у.с. Баягы, "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" жорук менен ушул кишилердин эмгеги татыктуу бааланган жок.  Каяктагы "саркынды-суркунду" "чыгарма" деп аталган жазмалар ушул Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуп келет. Ал эми Бексултан Жакиев агабыздын "эл баатырлыгын" тааныбаган адамдардын биримин. Мындай эң жогорку даражадагы сыйлыкка татыктуу эмгек керек. Келген эле бийликке өз киши болгондордун "сыйлыгынын" аты таптакыр  башкача болуш керек деген ойдомун. 

Сөзүмдүн акырында айтарым, маданиятка толук реформа керек. Ошол эле мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча, ошол эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиялардын курамы толугу менен жокко чыгып, бул комиссияларга кынтыксыз репутациялуу, компетенттүү гана инсандар келиш керек деген ойдомун.


Курмангазы Азыкбаев, КР Эл артисти 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер