Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки президентти сатып, С.Жапаровго жармашкан А.Касымалиеванын жүрүшү

Эки президентти сатып, С.Жапаровго жармашкан А.Касымалиеванын жүрүшү

21-сентябрь, 20:33
422 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жылы Октябрь төңкөрүшүндө Аида Касымалиева тактан кулаган Сооронбай Жээнбековдун жакын адамы катары күйүп-бышып, буркурап ыйлап жүргөн. Көрсө, жөн эле артисттенип, айлакерленип атыптыр да. Акырындык менен жаңы бийликке жылып кирип, Кыргызстандын БУУдагы өкүлү катары дайындалып алган. Кызмат үчүн Сокени оңой эле сатып кеткенине коомчулук ынанды. Садыр Жапаров АКШга барганда Аида Касымалиева жанынан чыкпай, өз киши катары шынаарлап, жабышып жүргөнүн көргөндөр жандан түңүлүшүптүр. Кызмат, байлык эмнеге гана алпарбайт? Кечээги күндөрүн унутуп, беткабын сыйрып салып кете бергени ушулбу? Убагында Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен Аида Касымалиева КСДПдан депутат болуп, андан оомат тайганда оңой эле Сокеге өтүп, андан Сакеге секирди... Келечеги дагы алдыда окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер