Америкадагы ишкерлер жана А.Сулайманов, М.Сабиров, Б.Шаршеев, К.Муратбеков, Ж.Бектурганов, К.Исаев, К.Салянов эмне менен алектенишет?


Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков Америкадагы кыргыз ишкерлери, мигранттар, экс-аткаминерлер боюнча кызыктуу маек куруп берди.
-- Өмүрзак мырза, “Манас” тасмасын Голливуд менен тартуу үчүн бир топ мезгилден бери Америкада жүргөнүңүздөн кабардарбыз. Бул жолу сизди АКШдагы мекендештерибиздин турмушу тууралуу кепке тарткыбыз келди. Америкада сиз кыргыз коомчулугу үчүн кызыктуу, жалпыны ойлонткон кандай маселелерди байкадыңыз?
-- Америкага “Манас” фильмибизди талкуулоого он чакты күнгө болжоп келип, эки айдан бери жүрөм. Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго, Филадельфия шаарларында “Манастын уулу Семетей” тасмабызды көрсөтүп, Голливуд кинопродюсерлери менен жолугушуп, мекендештерибиз менен кенен пикирлешүүдөбүз. “Манас” тасмабызды АКШ, Кытай, Түркия менен биргелешип эл аралык ири кино долбоор жасоо үчүн дагы узак мезгил негизинен Америкада, Түркияда, Кытайда, Индияда сапарда жүрүүгө туура келчүдөй.
“Америкада азыр расмий жана бейрасмий 50 миңден 100 миңге чейин мекендештерибиз жүрүшөт” деген маалыматтар айтылат. АКШдагы өзбек диаспора башчысы Абдымалик Ахмедов 200 миң расмий, бейрасмий дагы 100 миңден ашык, баардыгы болуп 300 миңден ашык өзбек ишкерлери АКШда иштеп, жашап жүрүшкөнүн билдирди. Биздикилер акыркы кезде Мексика аркылуу кыйналып-кысталып кирип атышат. Буга чейин мекендештерибиз негизинен Россияда, Түркияда орточо 500-700 доллар айлыкка иштешсе, Америкада андан 5-10 эсе көп табышарын эске алганда, кирешелеринин арбыганы кубантат. Мурда “Россиядагы бир миллион мекендештерибиз Кыргызстанга жылына 2,5 миллиард доллар каражат жиберип, экономикабызды көтөрүп атышат” деп сүйүнүп келсек, буюрса, Америкадагы жүз миңге чукул жердештерибиз дагы ошончо каражат тапканга жетишкенин сүйүнчүлөчү мезгил жакын.
-- Биздикилер негизинен эмне жумуш кылышат?
-- Жигиттер курулушта, такси кызматында, анан жүк ташуучу машиналарды айдашат. Кыздарыбыз таксилерде, кафелерде, цехтерде иштешет, бала, кемпир-чал багышат. Ири бизнес жасагандар да арбын. Алардын арасынан биз өзүбүз таанышып, ийгиликтерине күбө болгондордон Филадельфиядагы кыргыз диаспора негиздөөчүсү Эрбол Жантаев курулуш компаниянын ээси, Чикагодо жердештерибиз “Жибек Жолу”, “Бай”, “Ай”, “Арзан” кафе-ресторандарын, дүкөндөрдү, чачтарачтарды, бильярдканаларды иштетишет.
АКШ расмий 338 миллион, бейрасмий жарым миллиарддан ашык адам жашаган чоң жана бай өлкө. Тамак-аш, буюм-тайым дээрлик жүк машиналар менен ташылат. Алды 20дан 100гө чейин трак (жүк ташыган машина) иштеткен кыргыз ишкерлер арбын.
Мындан 15-25 жыл мурда келген мекендештерибиз негизинен кара жумуштарда иштешсе, алардын уул-кыздары мыкты билим алышып, азыр дүйнөлүк ири компанияларда эмгектене башташты. Караколдон келген Эркин Адылов Американын ири университетинде окуп, банк тармагында ийгиликтерге жетишип, азыр капиталы 500 миллион доллардан ашканы кийинки жаштарыбызга өрнөк. Буюрса, Эркин жакынкы жылдарда миллиард долларлык оборотко жетерине ишенсек болот.
Мисалы, Нью-Йоркто дүйнөлүк каржы булагы жүгүргөн айтылуу Манхэттенде Бекназар Арипов мэриянын салык тармагында бараандуу кызмат аркалайт. Фейсбук, “Амазон” өңдүү ири компанияларда иштеген мекендештерибиз улам көбөйүп баратканы чоң мүмкүнчүлүктөрдөн үмүттөндүрөт.

-- Убагында Кыргызстанда жетекчилик кызматтарда иштешип, коррупция менен айыпталып, Америкада баш калкалап жүргөн экс-аткаминерлер тууралуу айтсаңыз?
-- Парламенттин мурдагы депутаттары Максат Сабиров, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Шаршеев, экс-губернатор Канат Муратбеков, экс-авиакомпания жетекчиси Жолдошбек Бектурганов менен кенен баарлашып турам. Алар негизинен трак компанияларды иштетишет. Көптөр ойлошкондой миллиондогон долларларды тегеретип атышканын байкабадым. Шаршеев менен Бектурганов 30-40 миң долларлык экиден трак иштетишсе, Сабиров менен Муратбеков өздөрүнүн 2-3 чакан машинасына башка компаньондорунун 5-10 машиналарын кошуп иштетишери айтылат. Максат мырзанын уул-кыздары 10 жылдан ашык мезгил мурда келишип, уулу авто оңдоочу жайды башкарса, кызы ресторан иштетет. Шадиевди Лос-Анжелесте дешти, мекендештерибиз менен алакасы салкын окшойт, кыскасы, маалымат жок.
-- Сабиров, Муратбеков, Шаршеев, Бектурганов мырзаларга кылмыш иштери козголгон болсо керек эле?
-- Сабиров менен Муратбековго кылмыш иштери мурда козголуп, кийин жабылган экен. Шаршеевге козголгон эмес. Бектургановго ачылган, бирок мыйзамдуулук, адилеттик издеп аракеттенип атканын билдирди.
-- Бектурганов самолётторго байланыштуу мамлекетке 3 миллион доллар зыян келтиргени анык бекен?
-- Жеп-ичкен факты жок. Болгону, самолёт бузулуп, пайда апкеле албаганы үчүн айыпталганын кененирээк түшүндүрүп берүүгө, билдирүү жасоого даярданып жүрөт.
-- Шаршеев “Манас” аэропортун жетектеп, кийин Балыкчы мэрлигине которулуп, анан дайынсыз кетти эле. Эмне болуптур?
-- Шаршеев “Манаста” турганда аэропорттун бир компаниясы тарабынан бир миллион долларга авиакеросин кем ташылып келип, жетпеген сумма үчүн тийиштүү кызматкерлер камалып, жетекчи моралдык күнөө менен айыпталыптыр. Айтымында, 35 миң доллардан 2 трак сатып алса, “2 миллион долларды айлантып жүрөт” деп чуу чыгыптыр.
-- Бизде “мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштегендер казынага кол салышып, аягында алыскы өлкөлөргө качышат” деген түшүнүк калыптанып калгандай...
-- Чындык акыры чыгат да. Аэропорттун мурдагы жетекчилери тескерисинче, майлуу ишканадагы коррупциялык схема менен күрөшүп, мурдагы чоң коррупционерлердин курмандыгы болушканын айтып күйүшөт.
-- Алтынбек Сулайманов тууралуу кандай пикирлер бар экен? “Президенттикке даярданып, америкалык олигархтарды бириктирип жүрүптүр” деген маалымат чындыкка канчалык жакын?
-- Америкадагы мекендештерибиз да өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызыкдар. Бирок, саясатка киришпейт деле. Алар саясый интригадан алыс, бизнестери менен алек. Анүстүнө көптөн бери жашагандары чет өлкө жарандыгын алышкан. Деги эле Америка биздегидей саясатташкан эмес. Сулайманов эл менен аралашып эле жүрөт. Уулу америкалык хоккей клубунда машыгат экен. Уулуна каралашып, ал арада чакан бизнес жасарын айтышты.
-- Белгилүү саясатчылардан, ишмерлерден дагы Кыдыкбек Исаев, Калыбек Салянов Америкада деп жүрүшөт. Алар эмне тирлик кылышарынан кабардарсызбы?
-- Исаев менен Салянов Американын түштүгүндө, Флорида штатында экен. Калыбек мырза жакында Филадельфиядагы жердештер жыйынына келип катышты. Уулу менен трак компания ачканын, Кыдыкбек мырза болсо пластик цех иштетерин айтты.
-- Салянов бир кыздын өлүмүнө айыпталып, АКШда камакка алынганы маалымдалды эле...
-- АКШ түрмөсүндө алты ай отуруп, акыры акталып чыкканын баяндады.
-- Мекендештерибиздин турмушунан кандай кызыктуу жагдайларды байкадыңыз?
-- “Америка мигранты” деген аталыштагы көркөм тасма тартуу ойдо бар. Анда АКШдагы мекендештерибиздин жашоосун кененирээк чагылдырмакчыбыз. Бир маанилүү жагдайга токтолгум келет, айрым өлкөлөрдө кыргыздар жат эсептелсе, Америкада мыйзам тыкыр сакталып, эч кандай кодулоо жок экенин белгилешет. АКШ жалаң чет өлкөлөрдөн барган мигранттардын өлкөсү. Анын илгерки жашоочулары индеецтер атам заманда Енисей, Алтай, Чукоткадан ооп барган бизге тектеш калктар экенин окумуштуулар изилдеп таап атышканы, алар кыргыздарга аябай окшош, тилдери да жакын экени тууралуу даректүү тасма даярдоого кызыгып атабыз.
-- Америкага кыргыздар жайнап көчүп барса, Кыргызстанда ким калат?! Мекендештерибиз АКШда көбөйүп, америкачыл болуп кетпейбизби, кошуна Россия, Кытай державаларынын нааразычылыгын пайда кылып дегендей...
-- Биз Россия, Кытай, Түркия, Европа, Америка – бардык державалар менен тыгыз кызматташа беришибиз керек. Өлкөбүздө чарбасы, бизнеси барлар, мамлекеттик кызматтарда иштегендер чет өлкөлөргө кетүүгө кызыгышпайт. Америкада жердештерибиз чоң акчаны оңой эле таап атышкан жок. Кыйынчылыктарга кайыл болушуп, каармандык менен тың жашоого жетишип, анан өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп атышат.











