Акыркы кабарлар
» Коом » Полковник Сталбек Рахманов Чүй ОИИБге дайындалса туура болмок
Полковник Сталбек Рахманов Чүй ОИИБге дайындалса туура болмок
24-февраль, 19:00
748 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Чүй ОИИБ начальнигинин милдетин аткаруучу Сапарбек Асаналиев “эт же чел эмес” дегендей, ишинде өзүн көрсөтө албай, чайналып атканын билдиришти. Сыягы, жакында ыргыйт окшойт. Бул орунга көз кызарткандар арбын экен. Биздин баамыбызда, Чүй ОИИБ начальнигине Сталбек Рахманов дайындалса туура болмок. Мурда Бишкек ШИИБни татыктуу жетектеп, митинг-пикеттерде элди жайгаруу, коопсуздукту камсыз кылуу жагынан үлгү көрсөткөн. Өзү ашкере амбицияга алдырбаган, ишке күжүрмөн, милдетин так аткарган полковник экени белгилүү. Кайсы жерде иштебесин, өздүк курамдын камын көрүп, милициянын кадыр-баркын өстүрүүгө салым кошуп келатат. Дал ушундай кадрларды пайдалансак не?
"Азия Ньюс" гезити