Электр энергиясына лимит коюлат, карапайым эл кыштан кантип чыгат?
Кыш жакындап, суук түшө баштаганда Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө максатында лимит киргизилди.
Кыргызстандагы жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө ала турган болду.
Кыргыз өкмөтү жети облуста электр кубатын пайдаланууга лимит коймой болду. Бул туурасындагы токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Документ "КРдеги калкты жана экономика тармагынын 2019/2020-жылдагы кышкы-күзгү учурга даярдоо" деп аталат. Анда министрлик менен ведомстволорго жабдууларды, социалдык объектилерди кышка даярдап, көмүр менен камсыз кылууга буйрук берилген.
"Улуттук энергетика холдинги компаниясына" электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар менен биргеликте электр тармактарындагы жоготууларды болтурбоого чараларды көрүү айтылды.
Эгер электр энергиясына берилген лимит жетпей калса кандай болот айтылган эмес.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы дээрлик бардык менчик жер тамда жашагандар кышкысын көпчүлүгү электр энергиясы менен үйүн жылытышат. Ал эми кышы катаал Нарын облусунун эли кышкысын электр энергиясын арзандатууну суранып келишет.
Кайсы шаарга жана кайсы облуска канчалык лимит берилгенин төмөнкү таблицадан көрсөңүз болот, маалыматтар миллион киловатт/саат менен берилген
Ноябрь | Декабрь 2019-жыл | Январь 2020-жыл | Февраль 2020-жыл | Март 2020-жыл | |
Бишкек | 383,384 | 430,456 | 475,171 | 435,06 | 412,22 |
Ош | 122,820 | 137,435 | 138,848 | 125,839 | 109,069 |
Баткен облусу | 96,257 | 99,739 | 98,308 | 94,118 | 84,891 |
Жалал-Абад облусу | 226,975 | 259,649 | 266,864 | 234,056 | 189,574 |
Ысык-Көл облусу | 162,533 | 184,639 | 194,038 | 174,494 | 153,697 |
Нарын облусу | 65,904 | 83,819 | 92,870 | 81,528 | 73,561 |
Ош облусу | 138,772 | 146,318 | 146,427 | 131,806 | 121,767 |
Талас облусу | 56,011 | 65,156 | 68,309 | 63,251 | 61,009 |
Чүй облусу | 373,281 | 428,430 | 451,235 | 412,695 | 416,882 |
Aryba.kg