Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки жаш соцтармактан таанышып, онлайн үйлөнүштү

Эки жаш соцтармактан таанышып, онлайн үйлөнүштү

24-август, 18:06
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү. Алар пандемиянын айынан ушундай жолго барышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

39 жаштагы Синтия Араужо менен 45 жаштагы Тимо Арнштадтом социалдык тармак аркылуу кокустан таанышып калышкан. Экөө алгачкы таанышууда эле тил табышып, сүйлөшүү эки саатка созулган. Алар бири-бирин жакшы көрүп калгандыктан, 24 саат бою камераларын өчүрүшкөн эмес. Булар аны "алыс аралыкта болсок дагы биз биргебиз" дегенди түшүндүрөрүн айтышкан.

Бир айга жетпеген убакта Тимо кыздын колун видео аркылуу сурап, ага Синтия макулдугун берген. Андан соң алар онлайн түрдө баш кошуп, үлпөт тоюна эки тараптын ата-энеси видео аркылуу күбө болгон.

"Мен Синтияны түшүнүктүү, сулуу жана мага кылган мамилесинен улам сүйүп калдым. Андан соң ушундай кадамга барууну чечтим. Досторум мени "жинди болуп калдыңбы?" деп урушту" деп айтып берген 45 жаштагы Тимо.

Түгөйлөр онлайн түрдө баш кошкондон төрт күндөн кийин аэропорттон жолугушуп, ошол жерден бири-бирине нике шакегин тагышкан.

“Супер”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер