Мирлан Желдеңбаев: “Баткендеги кармашта каза тапкан баатырлар менен сыймыктаналы”
“Бөрү” атайын багыттагы отряддын негиздөөчүсү, полковник менен маек.
-- Мирлан Сагындыкович, чек арага чеп болгон азаматтарыбыздын өмүрүн алып кеткен кандуу Баткен окуясына эки жыл толду. Мекенди коргоп, баатырларча ажал тапкан жигиттерибиз убакыттын өтүшү менен унутулуп бараткан жокпу?
-- Кандуу Баткен окуясына 17-сентябрда туура эки жыл болду. Жашоо өз нугуна түшүп, чек арада тынчтык орногону менен кандуу кармашта мекенин коргоп, каза тапкан баатырларыбызды ата-энеси, жакындары, туугандары, достору, балдары эч качан унутпайт. Убакыттын өтүшү алардын жаратын баспайт. Аларга эр жүрөк баласынын орду толгус. Баатырлардын жакындарына, ата-энесине кайдан, качан жолукпа, көзүнө жаш алышат, каңырыктары түтөйт. Баласынын орду толгус экенин айтып, өмүрүнүн кыска болгонуна өкүнүшөт. Мекенчил уулун эч качан эстен чыгарышпайт. Биз дагы мекенге чеп азаматтардын ар бири бүтпөс дастанга айлансын, ар бири замандын баатырлары болуп, коомду патриоттуулукка тарбиялоого чоң салым кошсун (!) деген максатта бир топ спорттук иш-чараларды уюштурдук. Кээ бирин биздин уюм өзү уюштурса, айрымдарын башка уюмдар менен биргелешип өткөрдүк. Былтыр баатырлардын жакындарын чакырып, куран окутканбыз. Быйыл болсо, “андан да чоң иш жасайлы” деген максатты ишке ашырууга ашыгып жатабыз.
Кырчындай кезде өмүрлөрү кыйылган баатырларыбыз элдин эсинде түбөлүк сакталышы шарт, мындай ниетти карманып, жакындары менен бирдикте өздөрү окуган мектептерде аскерге чейинки даярдык класстарына атын берип, кийип жүргөн формаларын, колдонгон буюмдарынан бери койдуруп, өзүнчө бурч ачтырдык. Мындай саамалыкты 30дай мектепке жасадык.
-- Бул аракетиңер колдоо таптыбы?
-- Колдоо тапты. Кээде көңүл тышында калгандай учурлар кездешет. Мүмкүн биз оюбузду анчалык жеткире албадыкпы, жакшы жөрөлгөнү жайылтуунун жолун билбедикпи, же колдоо таппадыкпы, айтор, эмнегедир каза тапкан баатырлардын баарына аскерге чейинки даярдык класстарга аттарын берип, класс ачтыра албадык.
Чынында кандуу кармашта курман болгон ар бир баатыр сыймыктанууга, мактоого, эскерүүгө татыктуу. Алардын ар биринин баскан жолу, жасаган иши ата-энесине, жакындарына, жалпы элге сыймык алып келет. Биздин баатырлардын артка чегинбей мекенибиздин жерин эмес, бир ташын башкаларга ыраа көрбөй, мөндүрдөй жааган октон жалтанбай кармашканы эрдик эмей эмине?!
-- Аларды унутпай тарыхта калтыра турган иштер жасалып жатабы?
-- Албетте, жасалууда. Былтыр кандуу окуянын бир жылдыгында Баткендин губернаторунун демилгеси менен курман болгон баатырларга эстелик курулган. Ошондой эле жер-жерлерде аттары көчөлөргө берилген. Аларга арнап “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде эстелик курулуп атканын угуп жатабыз.
Айрымдарынын ысымдары айылдагы көчөлөргө берилгенин эшиттик. Биздин коомдук бирикме Баткендеги кармашта каза болгон баатырлардын аты-жөндөрү жазылган монумент куруп, аларды даңктаган аллеяны салуу үчүн тийешелүү адамдарга кайрылып, кечээ жакында жер алдык. Азыр ошол курулушту баштаганы турабыз.
-- Аны ким каржылайт?
-- Биздин коомдук бирикме өзү каржылайт. Буюрса, бир айда бүтүп калабыз го. Кыялыбыздагыдай кылып куруп алсак, ачылыш аземин жасап, баатырларга дагы бир жолу таазим кылалы деп турабыз. Ал монументтин максаты – мекенди коргоочулардын өмүрү өрнөк болсо, унутулбаса, башкаларга сабак катары көрүлсө дейбиз.
Мамлекетибизди тынчтык, элибизде ынтымак жылоолосун! Мындан ары кандуу кармаш болбосун. Чек арабыз такталып, тынчтыктын өкүм сүрүшүнө тилектешпиз! Ар кимибиз өзүбүз иштеген тармактын өнүгүшүнө салым кошолу.
"Азия Ньюс" гезити