Акыркы кабарлар
» Коом » Салык кызматы кассалык чек берилиши керектигин эскертти
Салык кызматы кассалык чек берилиши керектигин эскертти
22-июнь, 11:35


Салык кызматы соңку күндөрү көзөмөл-кассалык аппаратка (ККМ) байланыштуу жарандардын даттануусу көбөйгөнүн билдирди.
Мекеме тараткан маалыматта "салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткону жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, “ККМди колдонуу жокко чыгарылды” деген жүйө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда. Ушундан улам салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбаганын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга (керектөөчүлөргө) кассалык чек бериши керектигин билдирет. Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек" деп жазылган.
Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине каршы өкмөт үйүнүн алдына соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.










