Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ата журттун улуттук идеологиясы

Ата журттун улуттук идеологиясы

12-июнь, 09:00
423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

18. Ден соолук

(Уулдун ден соолугу – улуттун ден соолугу, кыздын ден соолугу – Кыргызстандын ден соолугу)

Ата-бабаларыбыз “Биринчи байлык ден соолук, экинчи байлык ак жоолук, үчүнчү байлык боз соолук же жүз соолук” дейт. Ден соолук – жашоонун негизи. "Дени соонун – жаны соо" деп ата-баба акылмандыгы "биринчи байлыктын" маанисин дагы да тереңирээк аныктаган. Жеке адамдын гана ден соолугу эмес, улуттун да ден соолугу бар. 

XX кылымда кыргыз тукумдары ата-бабалардын жана дүйнөлүк акылмандыктын ден соолук философиясын унуткаргандыгын жашыруунун кажаты жок. Антропогендик терс факторлордун натыйжасында келип чыккан экологиялык кризистин, кечээ бүткүл Ала-Тоо аймагын каптаган аракечтик эпидемиясынын шарттарында улутубуздун саламатчылыгы начарлады, генофондуна шек кетти. Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Түштүк аймактарындагы СССРдин аскердик өнөр жай комплекси үчүн иштеген уран кендеринин калдыктарынын кесепеттүү көмүндү – "мүрзөлөрү" өзүнүн радиациялык коркунучтуулугу менен дамамат өлкөнүн экологиялык үшүн алып турат. Казакстандын аймактарындагы атомдук ядролук сыноо жардыруулары казак-кыргыз генофондуна өтө зыяндуу таасирин тийгизип келди. Кыргызстанда акылы кем, майып балдардын төрөлүшүнүн арбып баратканы бекеринен эмес. "Пландуу экономиканын" доорундагы "Коммунизм –плюс химиялаштыруу" деген ураандын алдында пестициддерди, гербициддерди жыш колдонуунун натыйжасында Ала-Тоонун айдоо аянттарынын 80 проценти уулангандыгы статистикадан белгилүү. Эгемендүү жумуриятыбыздын мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө департаментинин берген маалыматында шаарларда автомобилдердин кумурскадай жайнап көбөйгөндүгүнүн на­тыйжасында, бүгүнкү күндө аба бассейиндерибиз "Бенз-Пирен" деген уулуу зат менен тынымсыз булганууда. Мындай абал ансыз да көбөйгөн өпкө, жүрөк кан тамырлары жана нерв ооруларынын күчөшүнө алып барат. Азыркы экономикалык кедейчилик жана жаңыдан канат жайган баңгилик да какаганга муштаган болуп, улут ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Медициналык статистиканын берген маалыматы боюнча республикадагы боюнда бар аялдардын 8-10 пайызынын гана дени сак. Саламатчылыгы начар энелерден төрөлгөн балдардын бүгүнкү күндө аскер кызматы үчүн дене-бой жагынан жармач чыгып жаткандыгы мамлекетибиздин тынчын алган фактылардан болуп отурат.

Демек, эгемендүү Кыргызстанга азыркы учурда биринчи иретте ден соолук философиясы жана идеологиясы зарыл. Жеке атуулдардын, бүткүл улуттун дени-карды таза, куландан соо коомдо гана бекем, түптүү жана таалайлуу келечекти курууга болот. Социалдык-маданий, материалдык-эконо­микалык түшүмдүү, жемиштүү түзүүчүлүк жана жаратмандык ишмердикке, жеке бак-таалай жана улуттук жыргалчылык үчүн чаалыкпас күжүрмөн эмгекке тулкусу тың, булчуңу чың адамдар гана жөндөмдүү.

Атуулдардын өз ден соолугуна кайдыгер кароо илдетинен арылуусуна жетишүү, алардын ар биринин өз ден соолугуна өзү камкордук көрүшүн стимулдоо, улуттун саламатчылыгын оңдоо жана чыңдоо, улуттук генефонду коргоо жана сактоо эгемендүү мамлекетибиздин №1 социалдык милдети болууга тийиш. Биз бүгүн улуттун ден соолугун мамлекеттик идеологиянын деңгээлине көтөрүү зарылчылыгынын алдында турабыз. Биздин ата-бабаларыбыз ден соолукту буза турган ичкиликти ичкен эмес. Алардын адеби антиалкоголдук жүрүм-турумдун өрнөгү. Тарыхчы аалым Осмонаалы Сыдыковдун маалыматында Ормон хан аракты "арам" деп эсептеп, оозуна алган эмес жана акылды кетирген "жинди сууну" ичпөөгө өзгөлөрдү үндөгөн. Илгерки кыргыздын ушул тунук таза салтын жандандыруу зарыл. 

Улуттун эркек балдарынын саламатчылыгын акырындап "бука моюн, буура сан, булчуңу чоюн темирдей" кырк чоронун саламатчылыгынын, ал эми кыздарыбыздын ден соолугун Кыз Сайкалдын ден соолугунун деңгээлине көтөрүү – мамлекеттин стратегиялык мүдөөсү. "Атуулдун ден соолугу – Ата журттун ден соолугу", "Уулдун ден соолугу – улуттун ден соолугу", "Кыздын ден соолугу – кыргыздын ден соолугу", "Дени сак улут – келечеги тунук", "Сак-саламатчылыгым  санаасыз жыргалчылыгым". Биздин ден соолук идеологиябыз атуулдарда ушундай аң-сезимди калыптандырышы керек. Спорттун культун жандандыруу жана активдештирүү, сергек жашоо образын калыптандыруу, алкоголизмге жана баңгиликке каршы күрөш милдеттери улуттук ден соолук программасынын курамдык бөлүгү болуп калышы турмуштук зарылдык. Биринчи байлык ден соолукту улуттук идеологиянын деңгээлине көтөрүп чыгып, ага ылайык узак мөөнөттүү практикалык иш-чаралардын бүтүндөй комплексин иштеп чыгып, турмушка киргизүү – күн тартибиндеги маселе. Тилекке жараша, бүгүн элибиздин көңүлү сыртка бурулуп, спорт жайлары көп курулуп, арабыздан дүйнө чемпиондору чыгып жатат. Бул сүйүнүчтүү тенденция.

Жарык дүйнөдө баардыгы өз ара чырмалышып, бири-бирин шарттап турат. Адам жер эненин кулуну. Ал жердин "эмчегин", "сүтүн" эмет. Адамдын ден соолугу чың болуш үчүн биринчи иретте жердин ден соолугу таза болуш керек. Адам баласы нан, мөмө-чөмө таап жеп жаткан жердин кыртышы, дем алып жаткан абасы, ичип жаткан суусу таза болуш керек. Медицина илимдеринин доктору Анатолий Игонин мындай дейт: "Жердин ден соолугу жакшы болсо, адамдардын да ден соолугу жакшы болот". Демек, баа жеткис байлык – жер соолук.  Байыркы кыргыздар жер менен өзөктөш, тамырлаш экенин терең сезип, "Жер тойбой – эл тойбойт", "Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор", "Жер куураса – эл куурар" деген насыйкатты бизге калтырган. Демек, бүгүнкү күндө биринчи иретте бабалардын осуятын өздөштүрүп, жердин ден соолугун тилегенге, барктаганга жана сактаганга үйрөнүшүбүз керек. Жердин ден соолугу – элдин ден соолугу. Ала-Тоонун саламатчылыгы – ак калпак журттун саламатчылыгы. Жаратылыштын ден соолугу бузулса, жамааттын ден соолугу бузулат. Коомубуздун ар бир мүчөсүндө тууган жерибиздин флора менен фаунасын кайталангыс кымбат мүлк катары туюнуу, ар бир чөбүнө, ар бир чырпыгына, топурагына аяр кароо, жашаган чөйрөсүн көздүн карегиндей таза тутуу, "жеримдин суусу дары, таштары алтын" (Мидин) деп, касиеттүү Ала-Тоонун асыл жаратылышын чын жүрөгүнөн ардактоо, сүйүү маданиятын калыптандыруу, табиятты бүлүндүрүүгө жана булгоого каршы күчтүү иммунитетти тарбиялоо зарыл. Биз бири-бирибизге ден соолук болсун деп гана каалоо айтпастан, жер соолук болсун деп да тилек айткыдай болсок. Жер соолук деген сөздү бүгүнкү адамдардын лексиконуна киргизүү керек. Бизге бүгүн "Табият аркылуу – саламатчылыкка!", "Жер соолук аркылуу – ден соолукка!" деген ураанды көтөрүү эң ылайыктуу. Ала-Тоонун жер соолугуна бүткүл планетанын жер соолугунун контекстинен карай билген планетардык ойломду тарбиялоо да турмуш муктаждыгы. Адам күндүн, космостун, жер шарынын энергиясынын таасиринин астында жашайт. Адам табияттын кожоюну эмес, анын бир бөлүкчөсү. Мына ошондуктан жаратылыш менен гармонияда жашоо – биздин аман-эсенчилигибиздин, тирүүлүгүбүздүн, ден соолугубуздун ачкычы экендигин терең туюнууга тийишпиз. Жер соолук стратегиясынын талабына ылайык кеңири перспективалуу программаны иштеп чыгып, бүткүл коомубузду түбүнөн түрө түгөл экологиялаштырууга киришүү улуттук мүдөөбүздүн улуу иши. 

Ден соолук болсун! Жер соолук болсун!


19. Боз соолук

(Казынаң калың, өрүш толо малың, кырман толо даның, гүлдөп турган чагың болсун, мекеним!)

Ата-бабалардын үчүнчү байлык – боз соолук же жүз соолук деген философиясын кандай түшүнсөк болот? Боз соолук – бул материалдык-экономикалык байлык. Ал – таман акы, маңдай тер менен табылган дүнүйө-мүлктүн символу. 

Кыргыз эли азга сабыр, барга топук кылган нысаптуу эл. Бирок ата-бабалар эч убакта ашып-ташкан байлыкты артык баш нерсе катары жериген эмес. Өрүш толо малың, оро толо даның, казынаң калың болсо, таманыңа май төшөлүп, дөөлөттүү бакубат турмушка жеткениң ошол. Боз соолук – бактылуу жашоонун экономикалык пайдубалы. Боз соолук – бир жагынан ден соолук. Анткен менен боз соолук кыргыз баласы үчүн түпкү максат (самоцель) болбогон. "Байлык байлык эмес, бирдик – байлык" деп айтышкан бабалар. Адам тамак үчүн жашабайт, бирок жашоо үчүн тамактанат деген сыңары, боз соолук  материалдык молчулуктун, татыктуу, таалайлуу жашоо-тиричиликтин каражаты, куралы. 

Алдуу-күчтүү, эттүү-жүндүү улуттук боз соолуктукубаттуу экономиканы жаратуу – Кыргызстандын стратегиясы. Күчтүү боз соолуксуз түпкүлүгүндө улуттук социалдык, маданий-рухий мүдөөлөрүбүзгө жетишибиз жана эл аралык абройго ээ болушубуз кыйын. Ырас, Кыргызстан айланадагы дөө-шаа чоң өлкөлөргө, державаларга караганда "бою кичине" өлкө. Бирок бою кичине өлкө болсок да, боз соолугубуз чоң болуш керек.

Тоталитардык системанын борбордоштурулган пландуу экономикасынын ордуна келген демократиялык Кыргызстандын жаңы экономикалык саясаты адамга жеке менчикти ыйгарды, эркин чарба жүргүзүүнү ыроолоду жана эркин соодага жол ачты. Ушул үч чоң фактордун, үч чоң саясый-экономикалык ыңгайлуу шарттын шарапаты менен Азияда жана Европада экономикалык "жолборстор" өсүп чыккандыгы жакшы белгилүү. Демек, Кыргызстанда да жакынкы болочоктогу саламатчылыгы чың, мыкты "жон алган" боз соолук үчүн жагымдуу, ургаалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Эми күн тартибиндеги милдет ар бир атуулда эмгектин культун тарбиялоодо турат. "Өз колуңда жок болсо, өлдүм десең ким берет?". Эки жеңди түрүнгөн эмгек, күн-түн тынбаган мээнет гана өлкөнү кризистен алып чыкмак жана азырынча арык боз соолукту жүрө-жүрө семиз боз соолук­ка айландырып, өрүш толгон малы бар, кырман толгон даны бар гүлдөгөн күчтүү Ата журтту жарата алат. "Гүлдөгөн күчтүү Ала-Тоо үчүн!" деген өңдүү идеяны туу кылып, тарыхый улуу жаратмандык, түзүүчүлүк түйшүктүн жолуна түшүшүбүз максатка ылайык. 

Боз соолук жаратуу, түзүү жолунда терең ойлоно турган олуттуу проблемалар да бар. Экономика менен адамдын мүнөзүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш бар экендиги тууралуу биз көп учурда үңүлүп ой жүгүртпөйбүз. Тарыхый белгилүү себептерден улам, кыргыздын социалдык мүнөзүндө чарбачылыктагы “немецтик тактык”, иштеги педантизм, жумуштагы пунктуалдуулук, өндүрүштөгү темирдей тартиптүүлүк, техникага тетиктик, мүмкүн болуучу потенциалдык коркунучту, кырсыкты алдын ала эсептеп, ага күн күтүнүүчүлүк жетишпейт. Ал эми мындай сапаттар рынок мамилелеринин шартындагы экономика өндүрүш үчүн аба менен суудай зарыл нерселер. Мындай социалдык зарыл сапаттарга үйрөнбөй туруп, биз кыргыздын боз соолугун ойдогудай кулпунтуп өстүрө албайбыз. Анан кылса, сарамжалсыздык, ысырапкорчулук да мойнубузга минип отурбайбы. Мынакей, республиканын боз соолугунун оңолушуна, өсүшүнө кыргыздын өзүнүн менталитетиндеги өнөкөттөр тоскоол болуп жаткандыгы жөнүндө белгилүү экономист О.Г.Станиславчук төмөндөгүдөй жазып жатат: 

“Азыр “айыл чарбачылыгына кыйын болуп жатат, техника жетишпейт, күйүүчү-майлоочу материалдар тартыш, жер семирткич жок, мыкты сортточу үрөнгө жетпейбиз, акча-тыйын жок” деп наалыган сөздөрдү көп угабыз. Ошол эле учурда жазгы кош айдоо кампаниясына жана күзгү орум-жыйымга үнөмчүлдүк, сарамжалдуулук ме­нен даярдануунун, кам көрүүнүн ордуна колдогу топтогон акча-тыйындарыбызды кара таандай жайнаган эл катышкан аш-тойлорго, куру салтанат, куру кыйкырыкка толгон мааракелерге, артыкбаш үлпөттөргө чачып, ичкиликке салып, өз ырыскыбызды өзүбүз кесип жатканыбызга эсеп бербейбиз. Дагы эле болсо өзүбүзгө өйдө жак жардам берет (!) деп жогорку инстанциялардан үмүт кылып, жарытып эмгек кылбай, тар жол, тайгак кечүүдөн жанды үрөп жол издебей, баягы адат болгон кылыктар, көнүмүш коммунисттик менталитет менен жолдош болуп жүргөндөрүбүз да арабызда кыйла. Ушун үчүн биз өспөй жатабыз" ("Эркин Тоо", 25-май, 2007). Бул көнүмүштөр дале уланууда.

Кыскасы, экономиканы көтөрүү, боз соолукту өстүрүү үчүн адам факторун жакшыртуу зарыл. Дүйнөнүн экономист-ойчулдары өлкөдө жаңы нуктагы экономиканы жаратуу үчүн психологияны өзгөртүүнүн зарылдыгын белгилеп келишет. Коомдун тарбиялык, агартуу, окутуу ишин биринчи иретте, атуулдарды "Алма быш, оозума түш" психологиясынан, жанбактылык, элеттик эндекейлик, камырабастык, эринчээктик, даярга тап коюу сыяктуу илдеттерден арылта тургандай, аларды балыкты жегенге эмес, балыкты кармаганга үйрөтө тургандай кылып куруу, уюштуруу кажет. Жарандарды Ала-Тоонун ар бир коктусуна өз колдору менен цех куруп, продукция өндүргүдөй даражага жеткирип тарбиялашыбыз керек. Ошондо бирөөлөрдүн көзүн карап, көз каранды болгон бечара абалдан чыгабыз. Чыгыш элинде "Даракты жашында ий, баланы жашынан үйрөт" деген макал бар. Өлкөнүн эртеңки экономикасын бүгүнкү өсүп жаткан муундар жасайт. Биздин орто мектеп жаштарды практикалык турмушка багыттап даярдабайт. Он бир жыл бою китептик абстрактуу билимди жана теориялык аныктамаларды жаттата берүү мектептерде адатка айланган. Он бир жыл окуп, мектептен кыздар көйнөккө топчу кадаганды, бирдемелерди тиккенди, даамдуу тамак жасаганды, балдар айыл чарба өсүмдүктөрүн кандайча тигип, кандайча сугарганды, мал ооруп калса элементардык ветеринардык жардам көрсөткөндү, радио, телевизор оңдогонду, жүрүм-турум этикетин, соода, бизнес жол-жоболорунун алиппесин билбей чыгышат. 

 Балдарыбызды жаштайынан өз күчүнө таянуу, өз бактысын өзү куруу, эртелеп өзүнүн жеке бизнесин, экономикасын жаратуу, өзүнүн боз соолугуна ээ болуу, материалдык-экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү идеясына тарбиялоо максатка ылайык. Чүрпөлөрдү тарбиялоодо ар бир ата-эненин ушундай жолго бурулушу кажет. Кайтарымдуу, түшүмдүү, кирешелүү жеке чыгармачылык эмгегим, бизнес-чарбам аркылуу гана үй-бүлөмдүн, мекенимдин, элимдин тиреги болуп бере алам (!) деген ишкердик, патриоттук идея ар бир улан, кыздын, жарандын көкүрөгүндө жашашы керек. Америка Кошмо штаттарында "Улуу америкалык кыял" ("Великая американская мечта") деген калыптанган улут идеясы жашайт. Ар бир америкалык өз таман акы, маңдай тери менен жеке ийгиликке, бак-таалайлуу турмушка жетишүү жөнүндө кыялданат. Ушул кыялды чынга чыгаруу үчүн этек-жеңин түрүнүп, иш деп күн-түн жүгүрүп, кузгун заарда ойгонуп, алдыда болчу жумушту, алты ай мурда ойлонуп жан үрөйт. Ушуну "Америка­лык кыял" деп аташат. АКШнын бүгүнкү бакыбат турмушуна ушул "Америкалык кыял" жеткизген. 

Бизге да ушунун сыңарындай идея, идеология керек болуп турат. Биз да өзүбүздүн "Кыргыз кыялы" идеябызды жаратканыбыз оң болор. Бул тууроо эмес, турмуш муктаждыгы. Кичинекейинен баштап өзүнүн экономикалык табылгасына, иш ийгилигине, кирешеге, береке-байлыкка ээ болуу, ал аркылуу бакытка жетишүү жөнүндө кыялдануу, ал кыялды жүзөгө ашыруу үчүн карууну казык, башты токмок кылып ак мээнет менен илгери умтулуу ар бир алатоолук жарандын жандүйнөсүнүн жана жүрүм-турумунун лейтмотиви болуп калса, бул идеологиялык тарбиянын эң чоң утушу болор эле. Рынок мамилелеринин шартынан келип туулган Кыргызстандын ушундай жаңы "кыялын" турмушка ашы­руу машакатында мамлекеттин өз жарандарына изден тайбаган туруктуу, иштиктүү колдоо көрсөтүп турушу ылайык. Ушуну менен катар мамлекет экономикадагы кылмыштуулукка, уюшкан мафияга, коррупцияга, бюрократияга, ысырапкорчулукка, сарамжалсыздыкка, талап-тоноочулукка, жаңыдан тамтуң басып жаткан бизнести салык менен муунтуучулукка каршы чечкиндүү күрөш алып барышы жана чет өлкөлүк капитал үчүн республикада жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылышы улуттук боз соолуктун оңолуусуна жана ирденишине кызмат кылмак. 

Мекендештер, ата-бабаларыбыздын "Боз соолук" терминине жаңы экономикалык маани-маңыз берип, бири-бирибизге, мекенибизге боз соолук каалайлы. Эл-журтубузда ден соолук, жер соолук, боз соолук болсун! Үчөөнүн бирисиз биринин күнү жок.


(Уландысы бар)

Советбек Байгазиев, КР эл жазуучусу, филолог илимдеринин доктору, профессор 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер