Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бажаевдин алдында Бабанов өмүр бою карыздар болуп калдыбы?

Бажаевдин алдында Бабанов өмүр бою карыздар болуп калдыбы?

26-ноябрь, 16:45
921 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушул жылдын жай мезгилинде 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн «куйругун түйө» качкан Бабановдун кандайча шашылыш келгенин жалпы эл билет. Ошондон кийин ал түрдүү коррупциялык иштер жана өлкөдөгү бизнестерге рейдерлик баскынчылыктар боюнча УКМК менен Финполго сурак берүүдөн башы чыкпай калган. 

Ошентсе дагы ал бир нече ай мурун Россияга кайрадан шашылыш учуп кеткен. Келеринде жар салып, кетеринде унчукпай кетип калганынан улам, «бул дагы качып кетти окшойт» деген пикирлер пайда болгон. Бирок, бир нече күндөн кийин кайра кайтып келген. 

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Бабанов ноябрь айынын аягында Россияга кайрадан учуп кетет экен. Анын өзүнүн эле жакын адамдарынын биринин айтымында, Өмүрбек Токтогулович ал жакта бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Ошондой эле ал Россиянын территориясындагы бизнестеринин активдери боюнча да маселени чечип келет экен. Буга чейин ал өзүнүн Пензадагы цемент заводунун акцияларын чечен улутундагы россиялык ишкер Муса Бажаевге өткөрүп берген эле. Себеби, анын алдында 2017-жылкы президенттик шайлоонун үгүт иштери үчүн ири суммада карыздар болуп калганы айтылууда. Бирок, цемент заводунун акциялары да аны карыздарынан толук куткара албаптыр. Ошондон улам эми ал Бажаевге дагы калган активдерин берүүгө аргасыз болуп турабы? Бабановду «мүйүздүү болом деп кулагынан ажырагандай» эле абалда калганын жанындагылар саймедирешүүдө...

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер