Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бегалы Наргозуев: “Президенттик башкаруу Кыргызстанды мамлекет катары сактап калат”

Бегалы Наргозуев: “Президенттик башкаруу Кыргызстанды мамлекет катары сактап калат”

03-апрель, 14:29
885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурдагы Конституциялык жаңыланууга, президенттик башкарууга үн кошосузбу?

-- 10-январда өткөн референдумда эл президенттик башкаруу формасына добуш беришти. 2010-жылкы, андан мурунку Конституцияларда дайыма бийликтин ээси  эл болгон. Эл өз бийлигин шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашырары белгиленген. Эл ушул жолду тандагандан кийин элдин эркине баш ийиш керек. 

Парламенттик системаны киргизебиз деп Башмыйзам жазгандар парламенттик башкаруу формасын ишке ашыра алышкан жок. Анын ички механизмдерин пайдаланууда кылмыштуу коррупцияга айлантып жиберишти. Анын айынан өлкө терең экономикалык кризиске учурады. Карызга батты. Ошентип отуруп, 2016-жылы дүйнөдөгү эң жарды 50 мамлекеттин ичине кирди. Кыргыздар акыркы 30 жылда өз жолун издеп келди. Эми ушул президенттик башкаруу жолу Кыргызстанды мамлекет катары сактап калаттыр...

Жаңы Конституция боюнча президенттик бийлик күчөтүлүп, Америкадагыдай президент аткаруу бийлигин башкарат деген норма киргизилди. Өкмөттүн ишине президент жеке жооп берет деген да норма кирди. Буга чейинки бир дагы Конституцияда мындай нормалар жок болчу. Ошондой эле эгер президент парламенттин, соттун ишине кийлигишсе, анда ага импичмент жарыялоого негиз бар. Парламенттин кол тийбестиги кайтарылды. Ушул сыяктуу жоопкерчиликтүү ондогон нормалар киргизилиптир. Бирок эң башкысы, баары саясый лидердин дараметине жараша болот. Ошон үчүн ал лидерди көзөмөлдөй турган күчтүү парламентти күзүндө шайлап алышыбыз керек. Ошондо бийликтин тең салмактуулугу сакталат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер