Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуркыз КАРАЕВА, “Замана” таңкы берүүсүнүн алпаруучусу: “Адамдын каалоосу болсо, жашоосунда көп нерсеге жетишсе болот”

Нуркыз КАРАЕВА, “Замана” таңкы берүүсүнүн алпаруучусу: “Адамдын каалоосу болсо, жашоосунда көп нерсеге жетишсе болот”

24-октябрь, 11:37
1 635 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таңкы “Замана” берүүсүнүн көркүн ачып, кыргыз элине жагымдуу маанай тартуулап, үч уулун бапестеп тарбиялап, сүйүүктүү жар болгон таланттуу журналист, айчырайлуу айым Нуркыз Караева менен маек курдук.

-- Чыгармачылыкта, үй-бүлөдө кандай жаңылыктарың бар?

-- Шабдан, Бунаят, Баянат аттуу үч балам бар. Ушул жылы ишиме толук кандуу кириштим. Балдарымдын улуусу Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 3-класста окуп жатат. Андан кийинкилери бала бакчаларда. Биздин үй-бүлөнүн принциптеринин бири – балага инвестиция салалы деп мектеп, бала бакчалардан тышкары дагы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Балдарыбыздын шыгына жараша көрөлү деп түрдүү ийримдерден сынап, байкап жүргөн учурубуз. Үч жылдай теледен алыстап, аспирантурада окуп, чет өлкөдө көп жүрдүм. Диссертация жактайын деп изденип, журналистика жагынан да билимимди жогорулаттым. Бишкек гуманитардык университетинде дагы сабак берип, студенттер менен баарлашып, өз билген тажрыйбаларым менен бөлүштүм. Келечекте китеп болобу,  илимий жагынан маанилүү эмгектерди жаратып берсем деген максатым бар. 

 -- Журналисттик кесиптен тышкары дагы кандай кесиптерге кызыгууң артып жүрөт? 

-- Бала кезден эле айкидого кызыкчумун. Философиясы дүйнө жүзүндөгү гумандуу спортко кирет. Өзүңдү коргой турган философиясы терең спорт. Айкидодо эч качан эки адамды катар тургузуп мушташтырбайт. Ошонусу менен байыркы тарыхы абдан чоң. Ошол жакка кызыгып, бирок убакыт таба албай жүрөм. Азыр балам айкидо менен машыгып жаткан учуру. Айкидонун маңызын түшүнүп туруп машыканда, духовный жактан ырахат жана болуп көрбөгөндөй байлыкты аласың.

-- Акыркы убактарда мотивациялык берүүлөрдү даярдап жүргөнүңдү көрүп калдым. Мотивациялык китептерди окуйсуңбу. Балким тренингдер кызыктырабы?

-- Мотивация деген – алдыга максат коюу, ошого жетүү, өзүңдү-өзүң шыктандыруу, ойгон дегендей маани. “Үй, жумуш” деп эле чектелип калбай, шыгыңды ойготуп, жаңы ачылыштарды жаса” деген сөз. Мен мотивациялык көп китептерди окудум. Менин бир студентим бир китеп тартуулап, “окусаңыз абдан жакшы, сиз бизнес тармагына да кызыгып жүрөсүз” деп, “Бай атам, кедей атам” китебин тартуулады. “Кылычсыз самурай” ж.б китептерди окудум. Жомоктой сезилет. Бирок биздин жашоодо кездешет. “Кылычсыз самурай” элүү жылдай мурда эле жазылган. Бирок бүгүнкү күндө деле актуалдуу десем жаңылышпайм. Мотивациялык берүүлөрдү көбүрөөк жасаганга көңүл буруп калдым. Китептердин негизинде дагы бир “Стартап” деген рубриканы “Заманадан” ачкан элек. Ал жакта жаш ишкерлер ишти эмнеден баштаганын, канча сом менен кантип баштаганын көрсөтүп, көрүүчүлөр да убактыларын жөн эле кетирбесин деп жөнөкөй эле нерседен буттан турса болот дегендей шыктандырган берүүлөрдү көп берип жатабыз. Мисалы, каарманыбыз Мырзайым  деген кыз 200 сом менен гана иш баштаган. Ал жогорку окуу жайды бүткөн. Бирок жумуш таппай, өзү кызыккан открытка, фотокубиктерди, майрамдарга керектүү нерселерди жасап, андан ары өздөштүрүп кеткен. Бир студентимдин ийгиликтүү иштеп жаткан СММ фирмасы бар. Мындай үлгү болчу жаштар эл арасында абдан көп. 

-- Жумуш, үй ж.б. жумуштарга жетишүүнүн сырлары барбы? 

-- Сырлары деп деле айтпайм, бирок адамдын каалоосу болсо баарына жетишсе болот. Мисалы, менин күнүм таңкы саат алтыда башталат. Бала кезден ушундай тарбияланып калган окшойм. Мектебибиз алысыраак болчу, бирок баарынан эрте барчумун. Мектептин жанында жашагандардын баары кечигип келчү. Мен бир саат аралык алыстыктан келип алчумун. Бала кездеги тарбиям аркылуу калыптанып калыпмын. Эртең менен алты-жетиден кийин таптакыр уктай албайм. Демалыш күнүнө да карабайм. Мен муну жакшы касиетим деп эсептейм. Эрте турган адамдын жумушу да эрте бүтөт. Баарына жетишет. Жалкоолук менен уйку адамды артка гана тартат. Адам өзүн жакшы нерсеге үндөп, максат коюп, умтулуп туруш керек. Үйгө келгенде үйдүн маселеси менен болуп, интернетке, соцтармакка көп кирбей, балдарым  менен гана алектенем. Жумушка барганда жумушумду убагында так бүтүргөнгө аракет кылып, убакытты туура бөлүштүргөнгө үйрөндүм.

-- Он жылдан кийинки Нуркызды кандай элестетсек болот?

-- Жаш кезде бул суроо берилсе балким амбициялуу жооп бермектирмин.   Азыр балдар болгондон кийин балдар оорубасын, жакындарым аман болсо экен деп, бүгүнкүңө шүгүр кылып жашап калат экенсиң. Эртеңки күнү дагы ийгиликтер жарала берет деген ойдомун. Жакшы нерселер алдыда.

-- Жүрөгүңдө мекенге, кесипке, үй-бүлөңө ашып-ташкан сүйүү болсо керек?

-- Жүрөгүмдө аябай чоң сүйүү жашайт. Бул жалпы мекениме, элиме болгон сүйүү. Кыргыз болуп жаралып калгандыгым, ушундай ата-энем бар экенине сыймыктанган сүйүү. Жакындарыма, балдарыма, нан таап иштеп жаткан жумушума болгон сүйүү. Адамдын жүрөгүндө сүйүү жашап турушу керек. Сүйүү болбосо адамдык касиет жок болуп калат болуш керек. Адамды адам кылып сактап турган – бул сүйүү. Ар бир нерсеге биз сүйүү менен карашыбыз керек. Элмирбек агабыз “сүйбөй калуудан корком, таңгалбай калуудан корком” деген. Мен дагы сүйбөй, сыймыктанбай калуудан корком. Ошондуктан ар бирибиздин жүрөгүбүздө сүйүү болуп турушу керек. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

    "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер