Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кызганычтан жигитимдин телефонун жерге чаап салдым
Кызганычтан жигитимдин телефонун жерге чаап салдым
09-март, 12:57


Жигитим экөөбүз сүйлөшүп отурсак эле “тыңк-тыңк” этип бирөө жанын койбойт. “Ким?” десем, “группадан келе берет” деп койду. Телефонун алдым да, боолголоп эки жолу бассам ачылды. Анан жигитим жанталашып колдон жулганга аракет кылды. Жиним келип, жерге чаптым. Телефону өчүп калды. Өзүм үйгө кирип кеттим. Кирип текшерейин деп чалсам, чакыруу кетип атат, бирок дисплейи өчүп, эч нерсе көрүнбөйт. “Эми жазышып жата бер” дедим, бирок уйку жок менде.
Ошон үчүн жигиттер, андай кылбаш керек да, туурабы? Башкалар жанын койбой жатса, кызганыч деген болот экен. Жашырбай эле ачып көргөзсө, мындай болмок эмес. Же мен аша чаптымбы?
Гүлай











