Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “БШК бир жыл бою мыйзамсыз иштерге эч кандай чара көрбөптүр”

“БШК бир жыл бою мыйзамсыз иштерге эч кандай чара көрбөптүр”

17-май, 22:26
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бу саам жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болгон шайлоолор чыр-чатактар менен коштолду. Туруксуздуктун башаты эмеспи? Күздө парламенттик шайлоо саясый кырдаалды чегинен чыгарып салбайбы?

Болот Абдыжапаров, эксперт:

-- Негизи, кыргыз элинин макалы бекеринен айтылбаса керек “Бузулган элге бучуктан бий” деп. Эл бузулду. Кандай шайлоо өткөрбөсүн, канчалык кристаллдан таза болбосун, баары бир адат болуп калды. Ошол эле миң сомдон алып добуш бергендер кайра эле “биздин добуш сатылды” деп митингге чыга беришет. Күздө өтө турган парламенттик шайлоодо өткөн жылдагы, 6-октябрдагыдай окуя болбосуна эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, эң таза партияларды деле интернет заманында ар түрдүү видеолор менен булгап салса болот экен. Коомдук пикир жаралгандан кийин ошого жараша кылмыш иши козголуп атат. Ошондуктан, күздөгү шайлоо деле тынч өтпөй турган болуп калды... 

Мирлан Орозбаев, “Улуу журт” партиясынын лидери:

-- Эгер биз ушундай таризде кете турган болсок, анда күзгө деле жетпейбиз. Албетте, кечээги жергиликтүү жана шаардык кеңешке өткөн ыплас шайлоо элди аябай нааразычылыкка кептеди. Бу бийликтин доорунда шайлоо мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталай турганын, шайлоочуларды койго теңеп, дүңүнөн шайлоо участкаларына алпарып, кайсы бир бийликтин партиясына добуш бердиргенин эл күткөн эмес. Тилекке каршы, ушундай жаман иштер болуп кетти. Анын бир далили катары Ош жана Токмок шаарларынын шайлоосу жокко чыгарылды. Эмки кезек ордо калаабыз Бишкекте болгону турат. Анан кантип күздөгү парламенттик шайлоонун тынч өтөрүн айта алабыз? Мындай терс көрүнүштөр ал убакта кайталанбасына эч ким кепилдик бере албайт. 

Атыр Абдрахматова, БШКнын мурунку мүчөсү:

-- Өткөн жылы шайлоочулардын тизмесине мыйзамсыз катталган жарандардын бу жолку жергиликтүү шайлоодо тизмеден чыгарылбаганы аныкталды. БШК бир жылдын ичинде эч кандай чара көрбөптүр. Мына ушундай мыйзам бузуулар болуп, административдик ресурс жана добуш сатып алуудан улам мыйзам чегинде эч бир чара көрүлбөгөндөн, Токмок, Ош шаарларындагы шайлоолор жокко чыгарылды. Азыр Бишкек дагы чоң суроону туудуруп атат. Мыйзам бузуулар Каракол жана Жалал-Абад шаарларында да бар өңдөнөт. Буларды да өз убагында териштирип, мыйзам бузулган тарапты жоопкерчиликке тартпаса, анда өткөн күздөгү парламенттик шайлоодогудай чаң-тополоң, саясый оюн, интрига, добуш сатып алуу, көмүскө оюндар менен коштолмокчу. Ал эми күздөгү парламенттик шайлоонун таза өтүшү азыркы жергиликтүү жана шаардык кеңештин шайлоосунан таасир этери айдан ачык көрүнүп калды.  

Эрлан Бекчороев, активист:

-- Жергиликтүү мамлекеттик шайлоолордун жокко чыгарылышы бийликтин акыйкат чечими эмес! Акыйкат иш алгачкы кадамдан башталат. Мамлекеттин капчыгы тешик болуп турганда кайра-кайра шайлоо өткөрүү туруксуздуктун кадамы. Шаардык, жергиликтүү шайлоолор ушунчалык ыплас өтүүсү ЖКнын шайлоосуна даярданган бийликтин репетициясы болчу. Бийлик - көз боёмочулук менен элдин көзүн жазгыралы деген максатка жетти. Бирок жыйынтыгы алар күткөндөй болгон жок. Анан “ЖКнын шайлоосун ачык, добуш сатып алынбай өткөрөт” дегенге эч ким ишенбейт. Бийлик айтып коюшу мүмкүн, бирок жоргосу таскак, саяпкери чабал.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер