Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамирахан Чыныева: “Кавасаки – балдарга жабышкан ковиддин коркунучтуу түрү”

Дамирахан Чыныева: “Кавасаки – балдарга жабышкан ковиддин коркунучтуу түрү”

28-август, 22:12
3 523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, жогорку категориядагы дарыгер менен маек.

-- Кавасаки синдрому боюнча кооптонуулар бар. Ал дарт канчалык коркунучтуу? “Казакстанда катталып жатат, бизде да балдар ооруканаларында орундар даярдалууда” деген божомолдордун канчасы чындык?

-- Кавасаки – бул ковид оорусунун коркунучтуу түрү. Көбүнчө чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн билдирүүсүнө таянсак, бул дарт башка мамлекеттерде көп кездешүүдө. Экинчи толкундун, сасык тумоонун күч алышы кооптондуруп турбайбы, ошону менен катар бул оорунун түрү болуп, күчөп кетүүсү боюнча коркунучтар бар. Азырынча “алдын ала орундар даярдалып жатат” деген маалымат жок. Бирок, кооптонууга туура келет. “Болушу мүмкүн” деген чочулоо бар, бирок аныгын эч ким айта албайт. Коронавирустан коркпой, ишенбей жүрүп, канча адамдарыбызды жоготтук. Бул дарттан Кудай сактасын!


АКШдагы балдарды каптаган оору

«Кийинки убакта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул синдромго чалдыккандар көп чыга баштады. Текшере келгенде балдардын арасынан коронавирус инфекциясы аныкталууда. Бул кан тамырлардын оор жабыркоосу, андыктан, вирустук инфекция оорлоп, кавасаки синдрому даана байкала баштайт.  

АКШда балдар арасында коронавирустун тарашы акыркы бир айдын ичинде 90 пайызга көбөйүп кетти. Бул тууралуу Американын педиатрия академиясына таянып CNN кабарлады.

9-июлдан 6-августка чейинки маалыматтарды камтыган докладга ылайык, мамлекетте 179 миң 990 бала коронавирус жуктурган. Жыйынтыгында, башынан бери ооруган балдардын саны 338 миң 982ге жетип, жалпы вирус жуктургандардын 8,8 пайызын түздү.

Кыргызстанда балдар арасында кавасаки синдрому каттала элек. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев маалымдап чыкты.

Узакбаев эл аралык адистердин маалыматына таянуу менен балдар арасындагы кавасаки синдрому көбүрөөк COVID инфекциясынан улам кездешип жатканын белгиледи. Бирок, Кыргызстанда мындай учур катталган эмес.

“Дүйнөдө кавасаки синдрому катталып жатканы тууралуу маалыматтан кийин биз да буга даяр турушубуз керек. Биздин борбордо балдар арасындагы кавасаки синдрому боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ошондой эле саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ал топ төртүнчү деңгээлдеги протокол даярдап жатат” деди Узакбаев.


Кавасаки кандай дарт?

Кавасаки синдрому менен негизинен балдар ооруйт. Мында майда кан тамырлар сезгенип, кан айлануу системасы бузулат. Анын натыйжасында тромб пайда болот. Балдардын денесине кызыл бүдүр тактар чыгат. Бул синдром өтө кооптуу жана оңой менен айыкпайт. Вирустук инфекция болгондуктан, ооруган адамдын дене табы көтөрүлөт.

Кавасаки оорусу бейтапты инфаркт жана пневмонияга да кептеши мүмкүн экени  маалым болду.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер