Акыркы кабарлар
» Саясат » Гүлшат Асылбаеванын демилгеси сөз эркиндигине коркунуч жаратууда
Гүлшат Асылбаеванын демилгеси сөз эркиндигине коркунуч жаратууда
01-июль, 13:51

“Ишенимсиз жана жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кайрадан каралды. Демилгечиси Гүлшат Асылбаева аттуу депутат. Былтыр да бул маселе көтөрүлүп, президенттик аппараттан кайра артка тебилген. Мурдагы бийликке жагалданган эл өкүлдөрү азыр да жанталашып, Садыр Жапаровго кошомат кылуу иретинде сөз эркиндигине басым жасоого камчыланып калышыптыр. “Фейктерге, жалган маалыматтарга каршылык көрсөтөбүз” деген менен түпкүлүгү демократияга кысым жасап, авторитардык режимге жол чабууга алпарат. Албетте, мындай демилгенин арты коркунучтуу!
"Азия Ньюс" гезити