Рак диагнозу коюлган Луиза Хей ооруну кантип жеңген?


Жазуучу Луиза Хей оор жана кыйын балалыкты башынан өткөргөн. Үй-бүлөлүк зомбулук, жакырчылык, эрте турмушка чыгуу – мунун баары анын жашоосун сыноого салган. 16 жашында кыз төрөп, аны асыроого берүүгө аргасыз болгон. Кийин Chicago жана New York City шаарларында модель болуп иштеп, коомдук чөйрөгө аралаша баштайт.
1970-жылдары Луиза Хейге рак диагнозу коюлат. Ал учурда салттуу дарылоодон тышкары, психологиялык жана руханий айыгуу жолдорун изилдей баштайт.
Ал өзүнүн негизги идеясына келет:
“Адамдын ойлору жана ишенимдери ден соолугуна түз таасир берет...” деген.
Өзү менен иштеп, кечирүүнү, сүйүү жана позитивдүү аффирмациялар аркылуу айыгууга жетишкенин айткан.
Луиза Хейдин таблицасы – бул эмне?
Адамдын ой жүгүртүүсүндөгү көптөгөн стереотиптер анын жашоосунда башынан өткөргөн терс тажрыйбалардын негизинде калыптанат. Психосоматикадагы ушул түшүнүк менен оорулардын таблицасы тыгыз байланышарын баамдаган. Эгер адам эски, терс ишенимдерин өзгөртө алса, анда көптөгөн көйгөйлөрдөн жана оорулардан толугу менен арылууга мүмкүндүгүн ача билиптир. Ар бир туура эмес ички ишеним белгилүү бир оорунун пайда болушуна алып келет деп түшүндүрүлөт:
Рак – жүрөктө көптөн бери сакталган таарыныч;
Цистит – терс эмоцияларды ичке катып жүрүү;
Аллергия – жашоосуна бир нерсени же бирөөнү, балким өзүн да кабыл алгысы келбөө;
Калкан безинин оорулары – жашоосунун сапатына нааразы болуу.
Луиза Хейдин пикири боюнча, адам өзүнүн эмоционалдык көйгөйүн аңдап түшүнгөндөн кийин оорунун негизги себеби да жоголот. Оору жөн жерден пайда болбойт, ал адамга өзүнүн психологиялык абалы жөнүндө ойлонууга түрткү берүү үчүн берилет деп эсептелген. Луиза Хейдин таблицасы дал ушул ички себептерди табууга жардам берүү максатында түзүлгөнү менен кызыктуу.











