Диетолог: өрүк менен шабдалы эркектерге көбүрөөк пайдалуу
Россиялык дарыгер-диетолог Инна Кононенко өрүк менен шабдалынын пайдалуу жана зыян жактарын айтып, бул жемиштерди кимдер этияттап жеши керектигин түшүндүрүп берди. Дарыгердин кеңеши "Известия" басылмасына жарыяланды.
Адис аталган жемиштерди калориясы аз болсо да кант диабети бар, ашыкча салмак менен жабыркаган адамдарга сунуш кылбайт. Ашказан, ичеги оорусу барлар, панкреатит, гастритке кабылгандар да шабдалы менен өрүктү аябай эле аз өлчөмдө жеши керек.
Аталган азыктар аллергияны да чакырат. Мындан улам диетолог аларды балдардын рационуна этияттап кошуу керектигин белгиледи жана шабдалы менен өрүк көздүн көрүүсүн да жакшыртарын кошумчалады.
"Кош бойлуу аялдар токсикоз болгондо шабдалы жүрөктү айлантпайт. Организмден ашыкча суюктукту бөлүп чыгарып, ичти жумшартат. Шабдалыда да, өрүктө да бор кислотасы көп. Ал сөөктөрдү бекемдөөгө чоң жардамчы. Бирок, жашыл өрүктөрдү этияттап жеш керек" деп эскертти дарыгер.
Кононенко бул жемиштерди эркектерге да сунуштады. Анткени, курамында цинк көп. Ал эми бул элемент тестостерондун деңгээлин кармап турат.
“Спутник-Кыргызстан”