Ырысбек Атажанов: “Кайгылуу окуя урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин көзөмөлүндө”
-- Ырысбек Ысламович, Кадамжайдагы окуя боюнча эмне айта аласыз?
-- 5-сентябрь күнү Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө өтө кайгылуу, жүрөктү оорута турган окуя болуп кетти. Ата-энеси мигрант болуп, таенесинин колунда жүргөн 14 жаштагы кызыбызды үч зөөкүр зордуктап, өлтүрүп салышкан. Бул иш урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин, башкы прокурордун жеке көзөмөлүндө.
-- Окуя кандай жагдайда болгонун биле алдыңызбы?
-- Биз ИИМдин өкүлдөрүн чакырып, так маалымат алабыз. Азырынча белгилүүсү – үч зөөкүр тең кармалып, Оштогу №5 тергөө абагына киргизилиптир. Тергөө иштери жүрүп жатат.
-- Кылмышкерлер кандай жазага татыктуу деп ойлойсуз?
-- Мыйзамга чукул өзгөртүүлөрдү киргизип, андайларга өлүм жазасын колдонуу керек го деп ойлойм. Өмүр бою эркинен ажырата турган болсок, мамлекет аларды өмүр бою багат экен. Коомду мындай зөөкүрлөрдөн тазалаш үчүн биз сөзсүз өлүм жазасын киргизишибиз керек. Менин пикирим ушундай.
"Азия Ньюс" гезити