Жыргалбек Турускуловдун сүрөтүн көргөндөр “эл душманына” айлантышты
Жакында эле Жогорку Кеӊеште «Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган эле.
Ушул тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар. Аӊчылык жерлердин жалпы аянты — 14,4 миллион гектарды түзөт.
Ал эми Жогорку Кеңеште Кыргызстандын тоолорундагы маралдарды коргоого алуу боюнча долбоор каралып жатса, кечээ «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускуловдун атылган кийик менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.
Социалдык тармактын колдонуучулары депутаттын бул сүрөтүнө ар кандай акаарат сөздөрдү жазып: “Фракциянын лидери Турускулов Жыргал баш болуп кайберен, тоо-текелерибизди кырып атышса эмне арга кылабыз? Булар кой эмес, чыныгы чөөлөр! Буларды бирден эл душманы деп жарыялоо керек!” “Көрсө көмүлгөн ИТТИН ӨЛҮГҮ, бул жактта жаткан тура...” деген сындар жазылууда.
Ал эми депутат Ж.Турускулов азырынча эч кандай жооп кайтара элек, сүрөт качан, кайсыл учурда тартылгандыгы да белгисиз.
Aryba.kg