Күйөөм башкага азгырылып, мамилебиз муздап калды. Сүйүүм өчтү...


Акыркы убактарда күйөөм аябай өзгөрдү. Мурда «мага дезодорант эле жетет» деп жүргөн адам күтүүсүздөн кымбат атыр сатып алды. Өзүнө өзгөчө көңүл бурууда. Бир аз сакал өстүрүп, барбершопко барып, чачын жасатып, жаңы көйнөктөрдү алып калды. Акчаны үнөмдөбөй калганы таңгалдырууда.
Бара-бара анын мамилеси да өзгөрдү. Телефону дайыма колунда, экранды ылдый каратып коёт. Мурда андай эмес эле. Бир жолу түз эле: «Башка бирөөң барбы?» деп сурадым. Бирок жооп берүүнүн ордуна ачууланды. “Мени себепсиз кызгана бересиңби?” деп күнөөлөдү. Ошол түнү ыйлап жатсам да, жаныма келип соороткон жок, тескерисинче, «уктабай мээни жедиң» деп башка бөлмөгө чыгып кетти. Ошондо жүрөгүмө оор тийди...
Бир күнү анын телефонуна билдирүү келип калды. “Жеттиңби?” дейт. Колдорум калчылдап кетти. Сабыр сактадым. «Бул ким?» деп сурадым. Ал кайра эле ачууланып, чогуу иштеген аял экенин айтты. Бирок ошол учурда анын көзүнөн биринчи жолу алдастай түшкөнүн көрдүм.
Азыр экөөбүз бир үйдө жашаганыбыз менен ал мага мурдагыдай жакын эмес. Ортобуз кадимкидей муздак. Жанымда турса да, ички дүйнөсү алыста жүргөндөй сезилет. Мурда башкалар айтса анчалык кабыл алчу эмесмин. Бирок башка түшкөндө оор экен. Азыр эми өзүнөн көрсүн. Мурдагыдай сыйлабай калдым. Сүйүүм өчтү...
Айдина










