Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыздардын массалык хиджап кийүүсү, эрте турмушка чыгуусу – жакырчылыктын көйгөйү”

“Кыздардын массалык хиджап кийүүсү, эрте турмушка чыгуусу – жакырчылыктын көйгөйү”

26-май, 12:00
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мектеп курагындагы өспүрүм кыздарга хиджап кийгизүү, эрте эле турмушка узатуу Кыргызстандын аймактарында көп болуп атканы эмнени билдирет? Жаш муунубузду динге басынтпай, билим берүүнүн жарыгын чача алабызбы? Мамлекет көңүл бурбаса, эртең кеч болуп калбайбы?” Бул суроолорубузга эксперттер жооп узатышты. 

Кеңешбек Сайназаров, билим берүү боюнча эксперт:

-- Абдан көйгөйлүү, белсемдүү чоң маселени козгоптурсуңар. Хиджап кийгизүү маселеси жөнөкөй эле маселелердин бири дейличи, бирок эрте турмушка чыгуу бул улуттук генефондубузга таасир бере турган чоң көйгөй. Себеби, кызбы, эркек бала болобу, жетиле турган курагы бар. Ал куракка жеткенге чейин эле турмушка чыга турган болсо, кандай кесепеттери бар экени илим тарабынан деле изилденип, тастыкталып калган. Биз илимге таянып, жаш муунга чакырык жасап, бул маселе менен күрөшүүбүз зарыл. Илим менен билим гана коомубузду агартат. Албетте, мамлекеттик стандарттар, программалар болушу шарт. Эң негизгиси, циркулярдык мамлекет деп коёбуз го, дин менен мамлекеттин ортосундагы саясат, ошол нерсени тыкыр кармаш керек дагы, кеңири катмарга жеткирип, түшүндүрүү зарыл. Ошондо гана бизде тартип, өнүгүү болот. 

Сейтек Качкынбай, саясат талдоочу:

-- Жаш кыздардын массалык хиджап кийүүсү – бул жумушсуздук, жакырчылык көйгөйү. Бул нерсе орто класстын жоктугунан кабар берет. Эгер орто класс болсо, жакырлар жок болсо, эл жумуш менен алектенип, ата-энелер балдарын жакшы мектептерге берип, кошумча курстарга окутуп, аларга инвестицияны көбүрөөк кыла баштайт. Ал эми жакырчылык болгондо көпчүлүгү жашоодон жолун таппай, жолдорун динден издей башташат эмеспи. Бул белгилүү эле нерсе. Жакыр өлкөлөрдө сөз жок радикализм орун алат. Кандай болбосун радикализмге чуркайт. Ошондуктан ортодо орто класс болушу шарт. Орто класс болуш үчүн эл жумуш менен камсыз болуп, киреше булагы болушу зарыл. Бул кыргыздардын караңгылыгынан же алсыздыгынан эмес, ошол кейиштүү абалыбыздан кабар берет. 

Элиза Ажиева, «Аялдарга жардам борбору» коомдук бирикмесинин өкүлү:

-- Тилекке каршы, жыл өткөн сайын эрте турмушка чыккан кыздар көбөйүп баратат. Кыздар 20 жаштан өткөндөн кийин турмушка физиологиялык-психологиялык жактан даяр болот. Ал эми 20-35 жаш – төрөткө эң ыңгайлуу учур. Жашы жете элек кыздардын кош бойлуу болуусу балага да, энеге дагы кооптуу жагдайларды жаратат. Операция жолу менен төрөтүү да ошонун айынан келип чыгууда. Бул көрүнүш маалыматтын аздыгынан, жетишсиздигинен десек да болот. Кош бойлуу болуп калып, аргасыз турмуш курууга мажбур болгон кыздар дагы көп.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер