Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгердин кеңеши. Орозо кармоонун ден соолукка пайдалуу жактары

Дарыгердин кеңеши. Орозо кармоонун ден соолукка пайдалуу жактары

16-апрель, 22:05
4 957 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын наамы менен баштайм”

“Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери катары Ыйык Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбɵ болсо (туш келсе) орозо тутсун! (Ыйык Куран)

Исламдагы беш парздын бири болгон улуу рамазан айы да кирип келди. Бүткүл элибизди ушул майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аллахым рамазан айында элибизге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, молчулук, токчулук, берекетти насип кылган болсун!

Ислам жагынан карай турган болсок, орозодо бир гана тамак менен суудан гана чектелип калбастан, бул айда Жаратканга жакын болуу, Куран окуу, моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу, адам баласын сабырдуу жана мээримдүү кылуу менен бири-бирибизге болгон мамилелерди да оңдоо, көп дарттан айыктырууга да себепчи болгон улуу ай.

Ошондуктан орозо кармоого ниет кылган бейтаптарга эскертип кетебиз. Орозо кармоонун алдында өзүңɵрдүн үй-бүлөлүк врачыңарга кайрылып, андан керектүү кеңештерди алыңыздар, ичип жаткан дары-дармектердин убагын жана дозасын тактап алууңуздар да сунушталат. Эгерде орозо кармаган адамдын абалы тез медициналык жардамга муктаж болгон болсо, анда бейтап тезинен орозону токтотуусу зарыл.

Оорулуу адамдардын кыйналып орозо кармоосу – өздөрүнүн абалын гана коркунучка салбай, андан тышкары алардын чоң күнөөгɵ батуусу Ыйык Куранда да, пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) хадистеринде да жана ислам окумуштуулары жактан да айтылып келген.

Ыйык Куранда: “Эй, момундар, силер Аллах уруксат бербеген нерселерден тыйынуу, коркуу максатында мурдагыларга буюрулгандай эле силерге да орозо кармоо буюрулду. Эгерде араңарда бирөө ооруп калса же сапарга чыкса, башка күндөрдө орозонун санын толуктасын. (2:183-184). Эгерде билсеңер, орозо тутуу өзүңөр үчүн гана жакшы болот”. (2:185). Ибн Умардан айтылат, пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан: “Чындыгында мээримдүү Аллах анын жеңилдиктерин кабыл кылган пендесин сүйөт, анын тыюу салган нерселерин жасаган пендесин жек көрөт”. Ислам окумуштуусу Имам аль-Куртуби айткан: “Бейтапта эки абал: биринчиси, ал орозо кармоого анын ден соолугунун начарлыгы жол бербейт. Бул убакта, албетте, бейтап орозосун ачуусу зарыл. Экинчиси: бейтаптын кыйынчылык менен ɵзүнɵ чоң зыян келтирип орозо кармоосу – бул Аллахтын жеңилдигинен баш тартуу жана текеберчиликтин гана бир белгиси. Бул ал үчүн чоң күнɵɵ дагы болуп саналат.

Акыркы жылдарда илимдин жана медицинанын алдыга өнүгүүсү, андагы миңдеген жаңы таблеткалардын пайда болуп жатканына күбɵ болуудабыз. Бирок, тилекке каршы, бир дагы адамдын өнөкөт оорусунан айыгып кеткенине эч кимибиз күбɵ болбодук. Статистика боюнча бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө боюнча жүрөк кан тамыр, рак, өпкө, ашказан ооруларынан миллиондогон адамдар каза болушуп, миллиондогон ишке жарамдуу адамдар майып болуп калууда. Дүйнөлүк кризистин элибизге тийгизген чоң таасири – стресс, жакырчылык, миграция ж.б. ушул сыяктуу факторлор адамдын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип жатат.

Дүйнөлүк окумуштуулардын орозо боюнча миңдеген изилдөөлөрүнө күбө болуудабыз. Айта кетсек, бир дагы изилдөө орозонун терс таасирин далилдеген жок. Ошондуктан азыркы күндө медицинага альтернатива боло ала турган ден соолук үчүн эң пайдалуу – бул бир жылдагы 30 күндүк рамазан айынын орозосу десек жаңылышпайбыз. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) хадистеринде “орозо кармагыла – айыгасыңар” деген сөздөрү бизге бүгүнкү күндө альтернативдүү жана акысыз дарылануунун дагы бир зор ыкмасы болуп калышына шексиз ишенемин.


Орозо жөнүндөгү изилдөөлөрдөн кыскача маалымат катары:

· Организмге тамактын убактылуу жетишсиздиги жана клеткалардагы тамактын азайышы алардын жашоосун узартууга өбөлгө түзүп, андагы клеткалардын ичиндеги аутофагия – жараксыз митохондриянын кайра жаңыланышына алып келет, эскирген клеткалар жаңы клеткалардын пайда болушуна курулуш материалы катары колдонулат. Бул функция биринчи болуп митохондрияга бай болгон жүрөктүн клеткаларында катталып, адамдын өмүрүн узартуугу зор шарт түзөт.

· Адам баласы ач калгандан 8 сааттан кийин гана кошумча тамакка муктаждыгы башталат. Эгерде ашказанга тамак кирбесе, анда биринчи болуп организм канттын запасы болгон глюкогенди пайдаланат. Анын запасы организмде аз болгондуктан кийинки пайдалануучу заттар: май, жаңы башталып келе жаткан ар түрдүү патологиялык клеткалар (киста, операциядан калган жара, спайкалар, рак, ж.б. ушул сыяктуу илдеттерди) организм энергия катары колдонот. Бул болсо органдардын жашарышына жана тазаланышына алып келет.

· Орозо убагында белоктук ачкачылык (белковые голодание) болбойт. Себеби организм өзүндөгү белокту 3-4 жума ачка жүргөн убакта гана пайдалана баштайт. Исламдагы орозонун өзгөчөлүгү – бул ифтардан сухурга чейин этти ж.б. белокко бай болгон тамактарга эч кандай чектөө жок.

· Рамазан айдын келиши  бул организмдеги процесстерди толугу менен өз калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет экен. Себеби, биоритм толук калыбына келишине тоскоол болгон бир чоң фактор – тамак болуп эсептелет. Ошондуктан тамак сиңирүү функциясы убактылуу токтогондо организм өзүн-өзү толук калыбына келтирип алат. Күндүзү организм ач калган убакта күндүн жарыктыгы ораганизмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт жана клеткаларды жашартууга да зор жардам берет.

· Ашказанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң, организм тамак сиңирүү функциясынын ордуна башка милдетти, б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалоо функциясын ишке салат. Орозо убактысы 14-16 саат – бул тамактын ооздон кирип жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелеп, ушул убакыттын ичинде ашказан, ичегилер толугу менен эс алат. Ашказандагы кислотанын азайышынын натыйжасында андагы жара (язва) ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азаят, болгон жаранын тезинен айыгып кетүүсүнɵ да зор шарт түзүлɵт.

· Орозо убагында боордун тазалоо функциясы жүз эсеге көбөйүп, организмдеги уулардын чыгуусун тездетет. Мындай мүмкүнчүлүккɵ бир дагы укол же таблеткалар ээ эмес.

· Орозо кармаган 20-35 жаштагы аялдарда кандагы пролактин 80%га азайган. Ошондуктан окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби, бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми бойго бүтпɵй жүргөн жаш аялдарга болсо организмдеги пролактиндин азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат.

· Кош бойлуулук  бул медициналык ооруга кирбейт. Бирок пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балалуу жана кош бойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби, Аллах жаш баланын же эненин ичиндеги наристенин кыйналышын каалабайт”.

· Адамдын терисиндеги майда оорулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана ɵнɵкɵт тери оорулардын жакшы жака ɵзгɵрүүсү да далилденген.

· Аллергия оорулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят. Себеби, аллерголог дарыгерлер да өздөрүнүн бейтаптардагы ооруну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларга диетаны сунуштайт.

· Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусун да кескин азайтат. Себеби, орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин азайышына, натрий менен калийдин көбөйүшүнө жакшы шарт түзөт.


Кайсы убакта орозо бузулбайт?

· Медициналык эмдөө: теринин астына п/к, булчуңга в/м жана тамырга в/в жасалуучу уколдор;

· Эмдөө (шприц) аркылуу анестезия жасоо;

· Ооруну сездирбөө (анестезия, наркоз);

· Дем кысылуусуна каршы оозго чачылуучу спрей (бронхит жана астма пристубунда);

·Тилдин астына салынуучу таблетка жана спрей (жүрɵк пристубу, стенокардия, инфаркт, кан басым);

· Мурунга чачылуучу спрей (аллергияга каршы);

· Артерия кан тамырга катетер коюу;

· Коронарография жана ангиография;

· Компьютердик томографиянын баардык түрү (контрасттары менен дагы мүмкүн);

· Эркектердин жыныстык мүчөсү аркылуу кирүүчү контраст дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар:

· Аялдын жыныстык мүчөсү аркылуу куюлуучу дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар;

· Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болбогон болсо);

· Теринин үстүнө сүйкөлүүчү май, крем жана дарылар;

· Кан берүү (алдыруу), хижама жасатуу;

· Анализ үчүн бейтаптан кан алуу.


Орозо кайсы убакта бузулат?

· Медициналык эмдөө, эгерде ал дарылар адамдын алсыздыгын жакшыртууга байланыштуу болсо (глюкоза, гормондор, витаминдер ж.б. ушул сыяктуулар);

· Гастроскопия жана эндоскопиялык текшерүүлөр жана алар аркылуу дарылардын куюлушу;

· Арткы ичеги жактан текшерүү жана дарылардын куюлушу;

· Артка свечаларды коюу (мисалы геморрой оорусунда);

· Клизма жасатуу;

· Гемодиализ;

· Таблетка жана капсулаларды орозо кармаган убакта ичүү.


Кандай бейтаптарга орозо кармоо болбойт?

· Инсулин алып жаткан, диабет менен ооруган оор абалдагы бейтаптар;

· Кандагы канттын тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү диабет оорулары;

· Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;

· Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан оорулар (сердечная недостаточность);

· Инфаркт жана инсульт курч оорусуна чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;

· Оор абалдагы гипертония (кан басымы жогору болгон) оорулар;

· Боор жана бɵйрɵк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар (гемодиализ);

· Баардык өнөкөт (хроник) оорулардын кайталаныш (обострения) убагы;

· Баардык курч инфекциялык оорулар;

· Психикалык оорулар;

· Кош бойлуу жана балалуу аялдар;

· Жашы улуу, өзүн-өзү камсыз кыла албагандар жана бойго жетпеген өспүрүмдөр.


Рамазанда эмнеден сак болуу зарыл?

Орозо убагында чоң күч иштете турган жумуштарды азайтуу же жеңилдетүү зарыл, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш ж.б.,) убактынча токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган, пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү пайдалуу, баш кийим – албетте, жеңил калпак же шапке кийип жүрүңүздɵр. Күндүн ысык убагында абада сыртта азыраак болуу керек, көпчүлүк убакта кондиционери бар бɵлмɵлɵрдɵ болуу зарыл. Бирок шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин түз тийип турган шамалынын астында отурбаңыздар. Сухурдан (саарлыктан) кийин кɵп тамак жебеген адамдар багымдаттан кийин бир аз уктап алуусу да орозону жеңилдетет. Орозо убагында күндүзү саат 14.00дөн 17.00гө чейинки аралыкта бир аз уктап эс алуу да зыян болбойт.


Рамазан айында кандай тамактануу керек?

Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жөнөкөйлөтүүгө аракет кылуу керек. Тамак-аш бул айда канчалык аз болсо, организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган ашказанды ифтар убагында бир заматта толтуруп алуу да организмге терс таасирин тийгизет. Ифтарды суу жана үч даана курма (финик) менен ачкан медицина жактан дагы, пайгамбарыбыздан (с.а.в.) сүннөтү боюнча да сунушталат. Себеби окумуштуулардын айтуусу бонча курманын курамында 60-65% чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы – ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт жана ашказан тамак системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, жаңы жасалган компот жана көк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2,5-3 литрге чейин болуусу зарыл, андан тышкары жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында кɵбүрɵɵк колдонуңуздар. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Сухурга (саарлыкка) жумуртка, майсыз эттерди, балык, тооктун этин, түрлүү ботколор, буурчак, жаңгак, банан, сунушталат. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, пироженое ж.б.), минералдык сууларды айрыкча сухурга колдонбоого аракет кылуу керек.


Халматов Абдимиталип Нышанбаевич, КРСУнун доценти, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер