Абылгазиев жазаланбай калса, урпактардын келечегине түкүргөнүбүз ушулбу?
Өкмөт башчылыктан Мухамметкалый Абылгазиев радио жыштыгындагы коррупциялык айыптоолорго шектелип, ошонун негизинде кызматынан кеткен. Кылмыш иштери да козголгон эле. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы” кандай? Коомчулук дуулдап барып, тилекке каршы, баары унутулуп калганы таңгалычтуу. Дал ушул кылмыш иши адилеттүү, калыс таризинде тергелип, эл астына ачыкталышы керек! Мына ошондо бийликтин таза иштеп атканына коомчулук ишенет. Аныгында, Абылгазиевди калкалап калуу менен эч ким аброй таппайт. Радио жыштыктын көмүскөдө кеткен чыгашасы миллиондогон долларларды чапчыганын кантебиз? Эмнеге коррупцияга каршы күрөшүү басаңдап, Абылгазиев эркиндикте эс алып жүрөт? Урпактардын келечегине түкүрдүкпү? Кыскасы, суроолор көп. “Бармак басты, көз кысты” менен олуттуу ишти будамайлап кеткендерге эртең баа берилет да, туурабы? Эл карап турат...
"Азия Ньюс" гезити