Лента кескич Төрөбай Зулпукаров бийликтин эрке баласы
Парламенттик шайлоо али баштала элек. Бирок КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров активдүү талапкерге айланып, жайдан бери мектеп, бала бакча, мечит ж.б. коомдук курулуштарга капсула салып, бүткөндөрүнүн лентасын кесип, айтор, демдүү иштеп атат. Мындай саамалыктар өзгөчө кичи мекени Ноокат районунда арбын катталууда. Бул жагынан Төрөбай мырза демөөрчүлөрдү арбын тапканы, көшөгө артында “соодасы” кызып атканы оозго алынууда. Бийликтин эрке баласы болуп, сүрөөнчүсү күчтүү болуп турганда бир көрүнсүн да. “Бүгүнкү көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө бок” дегендей, кыргыз саясатында келечекти так кесе айтуу кыйын. Оомат ооп, дөөлөт тоголонуп кетпейби? Же парламенттик шайлоого эрте даярданып алган талапкердин таскагы мындан дагы катуулайбы?