Күзгө карай: Шакиев кетип, төрагалыкка Сыдыков отурабы?
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ашкере улутчулданып, өзүн пиар кыла берет эмеспи. Мындай аракеттери тышкы саясатыбызды солгундатып, стратегиялык өнөктөшүбүз Россия бийлигине жакпай калганбы? Айтор, көмүскөдөн келишпөөчүлүктөр пайда болуп, Кремль менен мамилени бузууга өбөлгө түзгөнбү? Сыягы, күзүндө спикерликтен Нурланбек Шакиев кетери болжонуп атса, ордуна Бакыт Сыдыковдун чуркай баштаганы каңкууланды. Президенттен колдоо алары айтылып, бир жагынан Элмурза Сатыбалдиев көпчүлүк депутаттарды буруп, айдап берсе, алдыга коюлган план ишке ашчудай. Мындай кабардан соң Шакиев да жөн жатпай, креслосун сактап калууга жандалбас урса керек. Али кызыктар алдыда. Алсызга корсулдаган, таасирдүүгө жүгүнгөн Сыдыковдун амалы алты эшекке жүк болчудай. Күзгө карай Камчыбек Ташиевдин алдынан жакшылап өтсө, “расса” бөжөңдөсө эле төрагалык тактыга жетеби?
"Азия Ньюс" гезити