Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Коомчулукта “күздөн ары бийликти калтырбайбыз” деген кептер курчуду”

Токтогул Какчекеев: “Коомчулукта “күздөн ары бийликти калтырбайбыз” деген кептер курчуду”

10-июль, 12:59
2 682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Күздө Кыргызстанда бийлик алмашуу болушу мүмкүн экени айтылып атпайбы. Буга кандай негиздер бар? 

-- Мына, Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш болду. Эми мындан ары дагы болот. Анткени, бул көндүм болуп калды. Бийликке партиялык же башка жол менен келиш өтө оор. Анын үстүндө иштеп, элди өзүнө тартыш керек. Бирок эл дагы ишенбей калган, азыр көпчүлүктүн баасы бар. Ошон үчүн бийликке келген адамдар экономикалык блокту, акчалуу жерлердин баарын тууган-урук, тааныш-билиштери, жердешчилик аркылуу ээлеп алышат. Ал эми бизнесмендердин оокаттарын тартып алып эле келатышат. Биз командабыз деп эле дээри жоктордун баарын тең министр кылып шайлап, элчиликке жиберип атышат. Алар эч нерсени чече албайт да. Ушундан улам интеллигенциянын, дыйканчылыктын, ишкерлердин ичинде күздөн ары бийликти калтырбайбыз деген сөздөр жүрүүдө. 

-- Камалып жаткан саясатчылар дагы буга себепкер болушу мүмкүнбү?

-- Ооба, бул жаатта нааразычылыктар бар. Алардын ичинде айрыкча кустуруу процессинен улам толкун күчөп атат. Учурда Атамбаев үн чыгарбай калды. Элди үндөө аракеттери болуп атат го. Бирок, Атамбаев эле эмес, калган камалып жаткандар дагы аракетте. Ошолордун ар бири 2 миллион доллардан чыгарса, аянтты 70 миңге чейин киши каптаса, ким тыя алат?! Аларды токтотууга милициянын деле алы келбейт. Аскерлер болсо саясаттан алыс экенин айтып, эч нерсеге катышпайбыз деп четке чыгышат да. Ошондо ким бийликти коргойт? Коргоочу катары бир гана командасы, чөйрөсү, тарапташтары, жердештери калат. Алар көп болсо 30 миң киши.

Ушундай иштерди жолго сала турган адам азыр мамлекеттик катчы. Бирок, ал дагы коомдук-социалдык психолог болгон эмес да.   


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер