Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурланбек Шакиев: “Быйыл Аксы районунда 33 чакырым жол асфальтталып, капиталдык ремонттон өткөрүлөт”

Нурланбек Шакиев: “Быйыл Аксы районунда 33 чакырым жол асфальтталып, капиталдык ремонттон өткөрүлөт”

10-август, 12:00
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нурлан мырза, Аксы районунда бир катар мектептерди курдуруп, жолдорду салдырып жатканыңызды социалдык тармактардан окуп калдык. Ошолор тууралуу азыноолак айтып берсеңиз?

-- Мен депутаттык шайлоого барганда аксылыктар эң чоң көйгөй катары жолдордун ремонтун айтышкан. Баарыбызга маалым, бир нече жылдардан бери жолдорго жакшы көңүл бурулбай, керек болсо “жамак” ремонттору да жасалбай, аты эле жол болуп калган. Ошондуктан, бул көйгөйдү жыл башынан бери аткаруу бийлигине, транспорт министрлигине коюп жаттык. Азыр планга киргизилип, жасалып баштады. Быйыл Аксы районунда буюрса 33 чакырым жолго асфальт басылып, капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Башкача айтканда, мурдагы тешилип калган жолдор толук сыйрылып, жаңы асфальт төшөлөт. Бул боюнча президентибиз Садыр Нургожоевичтин да чоң тапшырмасы бар. Ал кишинин колдоосу менен жолдор оңдолуп жатат.

Андан сырткары да бир топ социалдык объектилердин маселеси каралууда. Атап айтсам, көп жылдар бою курулушу токтоп калган эки мектептин курулушу жанданып, быйылкы окуу жылына пайдаланууга берилгени турат. Алар: Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Кулназаров жана Авлетим айыл өкмөтүндөгү Алымкулов атындагы орто мектептер. Андан башка Кашка-Суу жана Өлөң-Булактагы мектептерде котлованы казылып, курулуш иштери жүрүүдө. Ошондой эле Кайрагач айыл өкмөтүндөгү Дардак-Дөбө айылында Кулбаев атындагы мектеп нөлдөн курулуп башталды. Кайрымдуулук фонддорунун жардамы менен ФАП курулууда. Мундуз айылында “Кувейт” фондусунун көмөгү менен жаңы мектепти куруу пландаштырылууда. Жакынкы күндөрү курулушун баштайбыз деген ниетте турабыз.

-- Депутаттык тажрыйба акырындап келет эмеспи. Дароо эле фракция лидери болгон оор эмес бекен?

-- Мен дароо эле фракция лидери болгон жокмун. Өзүңүздөр билесиздер, үч ай депутат болуп, анан парламенттеги эң чоң “Ата Журт Кыргызстан” фракциясын жетектей баштадым. Албетте, мурда-кийин депутат болбогонум менен парламенттин ишмердүүлүгү боюнча кайсы бир деңгэээлде тааныштык бар эле. Андыктан, көп деле кыйынчылык болгон жок. Мыйзам чегинде, депутаттын, фракция лидеринин ыйгарым укуктарынын негизинде ойдогудай жакшы иштегенге аракет кылып жатабыз. Буюрса, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы жетинчи чакырылыштагы эң таасирдүү, ишмердүүлүгү кенен фракция катары өзүн көрсөтө алат деп ишенем. Анткени, биздин фракциянын катарында ар кайсы тармактар боюнча көптөгөн тажрыйбалуу адистер бар, ишбилги депутаттарыбыз көп. Мыйзам чыгаруу ишинде көптөгөн жакшы жумуштар жасаларына ишенем. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер