Акыркы кабарлар
» Коом » Кан жолдогу өлүмдөр, бир аптада 24 киши каза тапты
Кан жолдогу өлүмдөр, бир аптада 24 киши каза тапты
26-август, 10:38

Бишкек–Ош автожолунун 201-чакырымында, Суусамыр өрөөнүндө 23-августта болгон жол кырсыгы тогуз кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, “Honda Stepwgn” менен “Volvo” үлгүлөрүндөгү машинелер кагылышкан. Окуя болгон жерден алты аял, эки эркек жана 2020-жылы төрөлгөн наристе жан берди. Каза болгондордун көпчүлүгү Токтогулдун Өзгөрүш жана Үч-Терек айылынын жашоочулары болгон. Бирөө Чаткал районунундагы Терек-Сай айылынан экени, Өзгөрүш айылына волейбол ойногону бара жатканы белгилүү болду. Ушуну менен 15-августтан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан кеминде 20дан ашык киши өмүр менен кош айтышты.