Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев, экономист: “Өндүрүшү жок өлкөдө инфляция күч алат”

Айылчы Сарыбаев, экономист: “Өндүрүшү жок өлкөдө инфляция күч алат”

26-декабрь, 09:00
3 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Айылчы агай, жылдан-жылга каатчылык, жакырлануу күч алып баратканын сезип атсаңыз керек. Кандай үн кошосуз?

-- Өндүрүшү жок өлкөдө пенсия менен айлык акыны канча көтөрбө, салыкты канча чогултпа, инфляция күч алат. Анүстүнө булар кыйыр салыктар катары аталат. Аны сатып алуучу эл төлөйт. Түшкөн төлөмдөр кайра импорттоого жумшалат, башка мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө кетет. Байлар байыйт, жакырлар жакырланат. Бул экономиканын мыйзамы.

-Президент, өкмөт катышып, делегаттардын суроолоруна жооп берген элдик курултай купулуңузга толдубу?

-Мен курултайды башынан сыйлабайм. Себеби, биринчи курултайга катышып, трибунада отуруп көргөм. Парламент турганда бул архаизм катары аталат. Кадыр Кошалиевге, Дастан Сарыгуловго, раматылык Мукар Чолпонбаевге да айткам. “Курултай дегениңер бекер убара. Мындай институтту киргизсеңер, анда парламентти жойгула. Алар ансыз деле эч нерсе чечпейт. Экөөнүн бирөөсү болсун” дегем. 

 Курултайчылардын эмне айтары башынан белгилүү. Алар айткан көйгөйлөр күнүгө эле айтылып жатат. Сүйлөп-сүйлөп тарап кетишет. Макул жасайбыз, оңдойбуз, кыйратабыз, ырас айтыңар, биз билбей жаттык эле деген убадалар коштолот. Чынында булар ансыз деле өкмөт кыла турган иш да. Өкмөт колунан келсе, курултайы жок эле көйгөйлөрдү чечип коюшмак. Эми ошол жыйындан кийин эле кой үстүнө торгой жумурткалап калат бекен? Болбогон кеп.

-Делегаттар желекти өзгөрткөнгө макул болушту. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз? 

-Өздөрүн маанилүү сезген курултайчылардын божурашканы оң. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп калат. Анүстүнө мен личностко асылганга каршымын. Азыр “хозяин барин”, же казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса деген мезгил. Убакыт көрсөтөт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер